Өткөн суткада коронавирустун жаңы 104 учур катталып, 166 бейтап айыкты

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Республикалык штабдан 28-сентябрга карата коронавирустун жаңы 104 учуру катталганын кабарлашты. Инфекцияга кабылгандардын арасында эки медициналык кызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Баткен облусу — 37;

Бишкек шаары — 19;

Ош облусу — 18;

Жалал-Абад облусу — 10;

Ош шаары — 8;

Чүй облусу — 6;

Ысык-Көл облусу — 3;

Нарын облусу — 2.

Талас облусу — 1.

Мындан сырткары өткөн суткада илдеттен 166 бейтап айыгып, бир киши каза болду.

Коронавирустан айыккандардын эң көбү Ош облусунда катталды — 43. Ошондой эле Бишкек шаарында — 38, Баткен облусунда — 31, Ош шаарында — 24, Чүй облусунда — 21, Нарын облусунда беш жана Талас облусунда төрт бейтап сакайып, ооруканалардан чыгарылды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 46 355ке жетти. Алардын ичинен 42 619 бейтап оорудан айыкты — бул жалпы оорулуулардын дээрлик 92 пайызы. Ошондой эле коронавирус 1 064 кишинин өмүрүн алды — алардын ичинде 83 медкызматкер бар.

Бүгүнкү күндө коронавирустан 700 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Ошондой эле 1 520 киши үй шартында дарыланууда.

Коронавирус инфекциясы медкызматкерлердин арасында да катталды — өткөн суткада Ош шаарында жана Ысык-Көл облусунда иштеген эки медикке коронавирус жукканы ырасталды. Ошондой эле 25 медицина кызматкери коронавирустан айыкты — алардын 22си үй шартында дарыланган. Жалпысынан COVID-19ду 3 241 медик жуктуруп, алардын 2 976сы оорудан сакайган.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.