Боронов ССМдин башчысына мамсатып алуулар боюнча «тийиштүү иш» жүргүзбөгөнү үчүн сөгүш берди

Премьер-министр Кубатбек Боронов 29-сентябрда Республикалык штабдын отурумунда саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго жана анын статс-катчысы Калысбек Шадыхановго «мамлекеттик сатып алуулар боюнча тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн жана тийиштүү деңгээлде иш алып барбаганы үчүн» сөгүш берди.

Жыйындын жүрүшүндө дары-дармектердин, жеке коргоочу каражаттардын камылгасы жана меджабдыктарды сатып алууга байланыштуу маселелер талкууланды.

Мындан тышкары, өкмөт башчысы калк арасында COVID-19 оорусунун өсүп атканына кабатыр экенин билдирди. Анын айтымында, учурда коомдук жайларда — транспортто, коомдук тамактануу жайларында жана соода аянттарында санитардык-эпидемиологиялык чаралар күчөтүлүүдө.

«Акыркы күндөрү өлкөнүн бир катар райондорунда жагымсыз эпидемиологиялык абал байкалууда. Оору жана оор абалдагы жарандардын саны көбөйүүдө. Мурда белгиленгендей, ар-бир бейтапты дарылоодо өзгөчө мамиле керек. Бардык коопсуздук чараларды жогорулатуу, анын ичинде коомдук жайларда, транспортто, базарларда, соода борборлорунда, ресторандарда санитардык ченемдерди сактоо боюнча текшерүүлөрдү өткөрүү зарыл», — деди Боронов.

Мындан тышкары өкмөт башчысы киргизилген санитардык чаралардын жана тыюулардын сакталышына «жетишсиз жана натыйжасыз көзөмөл жүргүзгөндүгү үчүн» жергиликтүү бийлик органдарынын ишин сынга алды.

«Жер-жерлердеги эпидемиологиялык кырдаалга силер жооптусуңар. Бардык коопсуздук чараларын кабыл алып, көзөмөлдү күчөтүү керек. Эгер илдет күч алса, ага жооптуу экениңерди унутпагыла», — деди ал.

Кыргызстанда акыркы аптада коронавирус жуктуруу учурларынын көбөйүшү байкалууда. Штабдын маалыматы боюнча, ар бир суткада өлкөдө 100дөн ашык учур катталууда.

Штабдын 29-сентябрга карата берген маалыматына ылайык, өлкөдө коронавирус жуктуруунун жалпы 46 522 учуру катталды. Стационар жана ооруканалардан пандемия башталгандан бери 42 762 бейтап айыгып чыкты.

Пандемия башталгандан бери, өлкөдө коронавирустан жана ооруканадан тышкаркы пневмониядан жалпысынан 1064 адам каза болгон.