«Көзүбүздү ачалы». Араванда мугалимдерди «Биримдикке» үгүттөгөн аудио тарады

Партиянын 8-сентябрда Араван райондук маданият үйүндө өткөргөн жолугушуусунда Шамил Артыков сүйлөп жатат. Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу / Azattyk

Соцтармактарда 28-сентябрда «Биримдиктин» өкүлдөрүнүн Ош облусунун Араван районундагы мугалимдер менен жолугушуу учурунда жаздырып алынган аудиосу тарады.

Анда алгач белгисиз аял мугалимдердин чогулганы жакшы болгонун айтып, өлкөдөгү чоң кампаниянын астында турабыз деп сүйлөгөн. Андан соң ал чогулгандарга «Биримдиктин» талапкери Жалалиддин Нурбаевди тааныштырып, штаб башчысы Шамил Артыковго сөз берген.

Ал эми Артыков алгач өзү да мугалим болгонун, агай-эжекелерди сыйлаарын билдирген. Ал мугалимдерди «Биримдикке» үгүттөп, башка партиянын акчасын алып шайлагандар кызматынан кетээрин айтып, ошондой эле анда алардын баарынын тизмеси бар экенин билдирген.

«Силер мамлекеттен айлык алып жатасыңар, бирок бүгүн бөлүнүп, жарылып, ар жакка кеткениңер... Эртең баары жыйынтыгы чыгат. Азыр 2-3 миң алабыз деп башка жакка кетсеңер, эртең мезгил келет, ошол эки миң менен каласыңар “зато” ишсиз каласыңар. Мен ачыгын айтып коёюн силерге. Силердин ар бириңердин фамилияңар бар менде, ким кайсыл жакка иштеп жатканын мен жакшы билем», — деген ал.

Ошондой эле ал, «депутат учурунда эч нерсе кылбай, бүгүнкү күндө келип 5-10 сом бергендерди» шайлагандар мугалимдердин жүзүн жер каратат деп сүйлөгөн.

«Уят болот айтып коёюн. Тескерисинче, мугалим бүгүн элди ээрчитип, агитация кылып, президенттин саясатын жүргүзө турган силерсиңер айтып коёюн. Анан силер бурулуп алып, башка жактарга баштап кетип жатсаңар, анда баарыңардын тизмеңер бар. Мугалимдигиңерди эч ким албайт, бирок башка нерсеңерди алып коюшу мүмкүн», — деген Артыков.

Артыков мамлекетке президенттик же премьер-министрдин башкаруусу керек экенин белгилеп, 30 жылда эмне өзгөрдү деп бир-нече жолу суроо салган. Ошондой эле ал чогулгандарга кайрылып, 1990чу, 2010-жылдардагы улуттар аралык кагылышууну «эсиңерден чыгарып коюп жатасыңар» деп айткан.

«Кыргыздын баары басып келгенде биз баарын киргизген эмеспиз. 20 автоматчан келген. Мына турганбыз биз ошол жерде. Силерди ойлогонбуз. А силер бүгүн бизди ойлобой, 2 миң сом акчаны ойлоп жатасыңар. Билим берүү тармагы деген түшүндүрүшү керек, 2010-жылы эмне болду? 90-жылы эмне болду? Эскертиши керек. Биз бүгүн көзүбүздү ачалы», — деген ал.

Артыковдун сөздөрүнөн ал «Биримдиктин» бийликчил экенин баса белгилегенин байкоого болот. Ал райондо партиянын кандидаттары көп иштерди жасаганын, мындан ары да керектүү жумуштар бүтөөрүн кошумчалаган.

«Элди көтөрүп, элди артыбыздан ээрчитип, 10дон, 20дан адамды алып барып, шайлоодон өткөрө турган силер менен биз туугандар. Эсиңерден чыгарбагыла. Эч качан эсиңерден чыкпасын. Биз мамлекеттин адамыбыз. Биз көрүнгөн партиянын адамы эмеспиз», — деген штаб жетекчиси.

Аталган билдирүү коомчулукта терс пикирлерди жаратып, айрым соцтармактардын колдонуучулары партияны административдик ресурс колдонуп жатат деп айыпташкан.

Билдирүү боюнча «Биримдиктин» Оштогу өкүлү Медер Абдыманнапов маалымат аудиожазуу болгондуктан аны төгүндөп же башка комментарий бере албасын айтып, партия териштирүү иштерин жүргүзөөрүн билдирди.

«Акыркы жумада биздин эле партияга эмес башка партияаларга карата да шайлоого байланыштуу каралоолор жүрүп жатат. Биз териштирип тактайбыз, мындай жолугушуу болгонбу же жокпу. Анын жыйынтыгы боюнча мыйзам боюнча иш жүргүзөбүз», — деди ал.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясын мүчөсү Атыр Абдрахматова «Клоопко» билдирүүнү текшерүү үчүн БШКнын ыкчам чара көрүү тобуна жибергенин айтты.

«Ал жерде УКМК, Башкы прокуратура, ИИМ бар. Азыр укук коргоо органдары текшерип, админресурс аракети боюнча тыянак чыгарыш керек. Укук коргоо органдары да, БШК да сөздөргө юридикалык баа берип, мыйзамсыз иш аракеттерге, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурган билдирүүлөрдү, имиштерди токтотуш керек», — деди ал.

Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев учурда билдирүү боюнча териштирүү иштери башталганын билдирди.

Админресурс жана «Биримдик»

Аты аталган Шамил Артыков буга чейин Араван районунун акими болуп иштеп, 2014-жылы райондогу мектептердин биринде Өзбекстандын гимни жаңырганы үчүн кызматтан алынган.

Ошондой эле буга чейин 22-сентябрда соцтармактарда «Биримдик» партиясына шайлоодо пайыз камсыз кылуу боюнча сөз кылган эркек кишинин үнү жазылган аудио тараган. Үн Араван районунун акими Курбанбек Айтибаевге таандык болушу мүмкүн деп божомолдонгон.

Ал эми аким кийинчерээк эч кимге басым көрсөтпөгөнүн, үн анын үнүнө жөн гана окшошуп кетээрин айтып ишендирген.

«Биримдик» партиясы «бийликчил» деп саналат. Учурда партиянын талапкерлеринин тизмесинде президенттин иниси Асылбек Жээнбековдон сырткары вице-спикер Аида Касымалиева, вице-премьер-министр Аида Исмаилова, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров бар