28-сентябрда КТРКнын теледебатында «Мекеним Кыргызстан», «Социал-демократтар», «Ата Мекен», «Ордо» жана «Реформа» партияларынын лидерлерди жана өкүлдөрү жолугушту. Анда коррупция менен кантип күрөшүү жолдору, форма №2, добуш сатып алуу, президентти саясатын колдоо маселеси көтөрүлүп, мурдагы бажычы, журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты Райымбек Матраимовдун аты аталды.

Жанар Акаев Матраимов менен жолукканбы?

«Социал-демократтар» партиясынан талапкер Темирлан Султанбеков «Ата Мекен» партиясынын лидери Жанар Акаевге сиз шайлоонун астында эмнеге «Чайна Таун» ресторанында эки жолу Райымбек Матраимов менен кезиккенсиз деген суроо узатты.

Акаев бул ушак, жалган жалаа деп айтты: «Мен ал жерде жолугушкан эмесмин, сүйлөшүү да болгон эмес».

Бул жообунан кийин Султанбеков Акаевге мындай суроо узатты: «Макул тизмелер сүйлөсүн. Силердин тизмеде Райымбек Матраимовдун Түштүк-батыш бажысындагы мурдагы орун басыр Ким Ин-Сен баратат. Бажыда иштеген Бектур Айнабаев баратат. Ал борбордук бажыда финансылык экономикалык башкармалыкты жетектеген. Андан сырткары Керимберди Макеев деген бара жатат. Ал «Азаттыктын» иликтөөсүндөгү Матраимовго тиешелүү «АКА» компаниясынын башкаруучулугунда орун басар болуп жатат. Буларга кандай түшүндүрмө бересиз?»

Өз кезегинде Акаев аты аталгандардын уурулукка жана кландарга эч кандай тиешеси жок экенин айтты. «Ким Ин-Сен Кубанычбек Кулматовдун командасында болгон. Ошол жерде жакшы иштеп, бюджетке көп акча түшүргөнү үчүн башкалар тарабынан куугунтукталып, иштен алынган. Иштен кеткенине бир топ жыл болду, азыр жумушсуз жүрөт», — деди ал.

Акаев Керимберди Макеевди Ошто адилеттүүлүктү чындыкты айтып, азыркы бийлик менен дагы күрөшүп келе жаткан саясий ишмер катары баалады. Бектур Айнабаевди болсо майда кызматтарды иштеген болушу керек деп айтып, таза адамдардын бири деп ишендирди.

Акаев ошондой эле, алардын тизмесиндеги талапкерлерди лупа менен иликтей турганын эске алып, командасына таза кишилерди чогулта алганын баса белгиледи.

Президенттин батасын алган «Мекеним Кыргызстан»

«Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова 2019-жылы октябрда Райымбек Матраимов менен «Чайна Таунда» жолукканын айтты. Ал жеңишке жетем деген партия сөзсүз түрдө президенттин «батасын» алышы керектигин белгилеп, «Мекеним Кыргызстан» партиясын шайлоого баштап бараткан Мирлан Бакировдон алар дагы бата алып-албаганына кызыкты.

«Президенттин батасы жок эч бир партия шайлоого аттанбайт эле. Президенттин батасын алдыңар беле?» — деди ал.

Өз кезегинде Бакиров алар үчүн кыргыз элинин батасы маанилүү экенин, «кыргыз элинин ичинде президент дагы, башкасы дагы бар» деп жооп кайтарды.

Ошондой эле Сооронкулова «Ордо» партиясынын лидери Мирбек Мияровго депутаттык комиссия «Азаттыктын» иликтөөсү боюнча эффективдүү иликтөө жүргүздүгү деген суроо берди.

«Булардын бардыгы ошол системага малынган, табакташ. Күнкарама парламент. Ошонун негизинде коррупция Ак үйдүн жетинчи кабатында отурат да. Депутаттык комиссиянын иликтөөсүнө ишенбейбиз», — деди Мияров.

«Уурулардын партиясы»

Султанбеков Мирлан Бакировго мындай суроо берди: Уурулардын партиясы менен шайлоого бараткандан эл астында, балдарыңардын астында уяласыңарбы?

Бакиров «ушул системаны, схеманы түптөгөн уурулар түрмөдө отурат» деп белгиледи. Ошондой эле «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен шайлоо баратканына «уялбайм, сыймыктанам» деп билдирди.

«Кыргызга кыянаттык кылып 1 млрд 800 млн доллар алып анын үчтөн бирин оңго-солго чачып, эл түшүнбөгөн методдорду сунушташты. Мына ТЭЦ бардыгын ачыкка алып чыкты», — деди Бакиров.

Бакировдун мындай жообуна Султанбеков «кыргызстандыктар эч качан коррупционер болбогонун жана башкаларды өздөрүнө теңебөөгө» чакырды.

«Силердей адамдар тарыхтын, элдин, Кудайын алдында жооп берчү күн келе жатат. “Мекеним Кыргызстан” акчасына таянат, программасы боюнча суроо бербейм», — деди Султанбеков.

Ошондой эле ал «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидерине дагы бир суроо узатты: Сиз бир нече ГЭС куруу боюнча пландар бар экенин айттыңыз. Сапар Исаковдун катында ГЭСти Кыргызстанда «АКА инвест» менен аффирленген Райымбек Матраимовдун жакын досу кургусу келген деп жазылган. Сиз ошолор жөнүндө айтып жатасызбы?

Бакиров суроого жооп берүүгө үлгүрбөй калаарын айтып, мен конкреттүү инвестор тууралуу айтып жатам, жаран тууралуу эмес деди.

«65 мандаттын тагдыры чечилип калды окшойт»

Алып баруучу Сооронкуловага мындай суроо берди: 4-5 партия менен коалиция түзүлдү дейли, Констуциядагы нормалар иштеп кетишине эмне ишеним жарата алат, эмне ишеним жаратпайт?

Сооронкулова мынай жооп берди: 65 мандаттын тагдыры чечилип калды окшойт, алар сатылып кетти. Ал «Мекеним Кыргызстан» менен «Биримдик» партиясыныкы. Алар буга чейин деле депутат болуп келди көпчүлүгү. Азыр келген күндө деле булар өз кызыкчылыгына иштейт. Булардын келип жаткан негизи максаты мандат гана эмес 2023-жылы боло турчу президенттик шайлоого даярдык көрүү. Талапкери дагы белгилүү болуп калды болуш керек. Уурдалган акчанын барын сапырып чачып, 65 мандатты сатып алып койду деп айтсак болот.

Клара Сооронкулова айрым талапкерлердин «коррупция» боюнча соттолгондугу бар экенин айтты.

Мирлан Бакиров партиянын тизмеси боюнча: «БШКга тапшырганда алар тизмени дыкат иликтейт. Кимдин мыйзам менен кандай маселеси болсо ал каттоодон өтпөйт. Мен партиянын төрагасы катары биздин партиянын курамындагы ар бир талапкер мыйзам чегинде катталган деп айта алам», — деди ал.

Бирок Клара Сооронкулова Бакиров мыйзамга таянып, бардык талапкерлер текшерилди деп жатканын белгилеп, бирок тизмени тереңирек карай келсе кылмыш кылган адамдар экенин айтты. Алардын кылымыштуулугу жоюлганы менен эл көзүндө кылмышкер катары калып жатканын белгиледи.

Жанар Акаев «Кудайдын алдында добуш саткан дагы арам, добуш сатып алган да арам деп айтып коё аласызбы?» деп «Мекеним Кыргызстандын» лидери Мирлан Бакировго суроо салды.

Өз кезегинде Бакиров Кыргызстан укуктуу мамлекет экенин, андагы эл мыйзам менен жашай турганын белгилеп, «добуш сатканда арам, добуш сатып алган да арам, аны тастыктай турган мыйзам, аны ишке ашыра турган орган бар, кармай турчу орган бар. Биз башынан эле шайлоону таза өткөрөлү деп айтып келе жатабыз жана ошол пикирибизде турабыз» деп жооп кайтарды.

Бакировдун жообунан кийин «Социал-демократтардын» өкүлү Темирлан Султанбеков «Ушундай эки жүздүүлүккө чыдабай кеттим, ужас» деп жакасын кармады.

№2 форма же көчмөн калк

Сооронкулова элдин абалын пайдаланып, элди азгырып форма №2 менен каттатып жаткан учурлар болуп жатканын белгилеп алардын саны жарым млнго барып калганын белгиледи. Мындан улам Бакировго кайрылып ошончо кишинин санын 2 миң сомго көбөйтсө канча акча болот деп кызыкты.

«Силер, «Биримдик», «Кыргызстан» кайдан таап жатасыңар ошол каражатты? Миллирддаган сом болуп атпайбы. Кайдан алып атасыңар ушунча акчаны?» — деди Сооронкулова.

«Ар бир жаран өзүнүн шайлоо дарегин өзгөртүүгө акылуу. Эгерде конкреттүү фактыңыз бар болсо, тийиштүү органдарга кайрылыңыз. Куру доомат болбойт», — деди Бакиров.

Сооронкулова факты бар болгонун билдирип, бирок укук коргоо органдары тарабынан жигитке басым болуп, аны тыйып коюшканын айтты.

«Видеодо тартылып турат. Саат 8ден кечке чейин турушат. 1000 сомдон берип жатышат. Ошонун баарын катып чыгарбай жатсаңар кантип жоопкерчиликке тартабыз? Укук коргоо органдары силерге иштеп жатат, силердин пайдаңарга иштеп жатат, мафия мамлекетине айландык. Кантип ачыкка чыгарабыз?» — деп суроо узатты.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери убагында форма №2ге каршы болгонун белгилеп, айрым жарандар үчүн бул бизнес болуп калганын айтты. Ошол эле учурда «кыргыз эли эми көчмөн экен да, көчүп жүрөт» деген пикирин билдирди.

«Мекеним Кыргызстандын» лидери Мирлан Бакиров №2 формасы боюнча 500 миңдей адам катталганын себебин түшүндүрдү. «Кыргыз эли көчмөн калк да, көчүп жүрөт», — деди ал.

Бирок Сооронкулова Бакировго жооп кайтарып, «силер отурукташып калган калкты көчүрүп жатпайсыңарбы, көч уланат да» деген пикирин айтты.

«Ордо» партиясынын өкүлү форма №2 боюнча каршы пикирин билдирди.

Коррупциядан кантип арылабыз?

«Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматын Мамлекеттик коопсуздук кызматына айлантуу керек. УКМК өзүнө таандык эмес иштерди көп аткарат. Мисалы тергөө иштери, коорупцияга каршы күрөш, өзүнүн табияты боюнча УКМК коопсуздукка жооп бериши керек, чалгындоо жана контрчалгындоо, атайын байланыш, мамлекеттик коргоо, купуя сырга байланыштуу функцияларды аткарыш керек. Аларга көп ыйгарым укуктар берилген. Ошол укуктарды купуя сыр дегенге жамынып алып билгенине кылып жатат. Аларга кеткен каражатты билбейбиз. Анткени бул купуя сырга кирип калган», — деп жооп берди «Реформанын» лидери Клара Сооронкулова.

Ал эми «Ата Мекендин» лидери Жанар Акаев Коррупцияга каршы кызматты УКМКдан бөлүп чыгыш керектигин айтты. «Кыргыз чиновниктеринин бүгүнкү күндө байлыгы менен айлыгы туура келбейт. Айлыгы менен байлыгы туура келбейт. Мына биз билебиз да бажыда, финполдо, салык кызматында иштегендердин бардыгы хансарайларда жашаганын буга чейин эле угуп, көрүп жүрөбүз. Президенттин дагы сөзү менен иши дал келиши керек. Коррупцияга каршы кызматты УКМКдан бөлүп чыгуу керек», — деп жооп берди.

Темирлан Султанбеков: УКМКдагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын жоюш керек. Аны финполго бериш керек. Ал өкмөттүн алдында иштейт. Улуттук гвардияга ИИМден ички аскерди алып келиш керек. Эмне үчүн? Ички аскер деген табияты боюнча Кыргызстандын чек арасын кайтарыш керек, мамлекеттик коопсуздукту караш керек. Булар ИИМге киргизип коюшту, эгер митинг болуп, эл үй-бүлөлүк, кландык башкарууга каршы чыкса 5 миң аскерди салып буларды канжалатып сабаттырабыз деген ойго кылышкан.

«Мекеним Кыргызстандын» лидери Мирлан Бакиров да башка талапкерлердин сөздөрүнө кошулуп, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын «толук жоюш керек» экендигин айтты.

Бакировдун айтымында, алтынчы чакырылыштагы депутаттык комиссия коррупциянын башында турган системаны сындырды. Миллиарддаган долларды тартып келип ар кандай ыкма менен контракттарды түзүп, коомчулуктун башын айланткан, коррупциялык система сынды.

«Мурдагы президент баш болуп, өкмөт башчы жооп берип жатат. Бул да мыйзамдын аткарылышы жана көзөмөлдөнүшү», — деди Бакиров.

Темирлан Султанбеков: Мирлан мырза, сиздер элдин баарын уй, кой деп ойлобоңуздар, уурулардын партиясынан бара жатып башкаларды ууру дебей эле койгула, силерди эл баары билет. Прокуратура дагы, УКМК дагы 3 жылдан бери издеп жатып Сапар Исаковдо Матраимовдордукундай үйлөрдү таба алган жок. Силердикиндей машина, алардын эсебиндеги акчаларды тапкан жок.

Президенттик саясатка кандай баа бересиңер жана аны колдойсуңарбы?

«Ата-Мекен» партиясынан талапкер Эльдар Абакиров азыркы президенттик саясатка кандай баа бересиңер, аны колдойсуңарбы деген суроо берди.

Бакиров: Президенттин ыйгарым укуктары чектелүү, көбүрөөк укуктар парламентте жана өкмөттө. Президенттин саясатын колдоп, парламент менен президенттин ортосунда мамиленин стабилдүү, консолидация болушуна каршы эмесмин.

Султанбеков: Президент бүгүн чачын тарап, тишин алмаштыргандан башка эч нерсе кылган жок. Президентке баа нөл.

Мияров: Президент бүгүнкү күндө болуп аткан окуяларда өзүнүн эркине иштеши керек болчу. Өлкө де юра бизде парламенттик болгондуктан, бирок де факто президент башкарып атат. Бирок башкаруу саясаты жүргөн да жок.

Сооронкулова: Жээнбеков өз бийлигине ээ болбой калган. Муну Коопсуздук кеңешинин катчысы Өмүрбек Суваналиев да тастыктаган. Анда маалымат бар. Азыркы күндө президенттик бийликке ээ болуп жаткан — Райымбек Матраимов менен кылмыштуу топтун мүчөлөрү.

Убадарды аткара албаса партиялар парламеттен кетүүгө даярбы?

«Биз эл катары калпычы, куру убада берген депутаттардан тажадык. Ошондуктан программабыздагы беш негизги багытты аткара албасак 500 күндө аткара албасак мандатыбызды тапшырабыз дагы кетебиз», — деп билдирген Сооронкулова партиялардын өкүлдөрүнө мындай суроо берди: Убадаларды аткара албасаңар канча убакытта кеткенге даярсыңар? Аткара албай калсаңар кийинки шайлоого катышасыңарбы же жокпу?

Жанар Акаев: «Реформа» партиясы тарыхты жасап элден акча чогултуп шайлоого катышкан алгачкы партия болду. Муну каалайбызбы же каалабайбызбы мойнубузга алышыбыз керек. Эгерде убадаларды аткара албасаңак кетишибиз керек деген талаптарды көрдүк. Буларды биз кубатташыбыз керек. Биз 3 жылдык мөөнөттө аткара алабыз. Аткара албасак анда кетебиз, шайлоого катышпайбыз.

Темирлан Султанбеков: Эгер биз өкмөттү курап, программабызды аткарбасак бир жылдын ичинде эле кеткенге даярбыз. Ал эми оппозицияда боло турган болсок, ошол жактан дагы чындыкты чыркыратып айтып турабыз. Аларды уурдагандан корккудай кыла алабыз. Мындай экен да биз баарыбыз кетип калсак анда орундар ошол бойодон ала берет экен. Жээнбековдор менен Матраимовдор өлкөнү каалганча эмне кылса ошол кыла берет экен. Ошондуктан оппозицияда кала беребиз.

Мирбек Мияров: Парламентке канча мандат менен келебиз деген бир суроо бар. Эгерде биз көп мандат менен келип, 500 күндүн ичинде жылыш болбосо биз дагы мандатты тапшырууга даярбыз. Оппозиция болуп келебиз.

Мирлан Бакиров: Биздин команда толук аткарууга, толук жоопкерчилик алууга даяр. Шылтоо эки фамилия, кирбей калдым дегенде болбош керек. Бүгүн Кыргызстанда күтүп, дагы байкап туралы деген мезгил эмес. Бүгүн консолидация болуп алдыга жылуу мезгили. Ошондуктан биздин партия ага даяр.

Журналисттик иликтөө

Райымбек Матраимов — Кыргызстандан 700 миллион долларга чукул каражаттын көмүскө жол менен чыгарылып кетиши тууралуу журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты. Бул каражаттарды 5 жыл бою карапайым курьерлер аркылуу ташыган Айэркен Саймаити журналисттерге бул операцияларды Райымбек Матраимовдун жардамы менен жасаганын айтып берген. Саймаитинин айтымында, Матраимов бажыдагы жемкорлукту колдоп, Абдукадырдын көмүскө бизнесинин жүрүшүнө көмөк көрсөткөн.

Курьерлер тоскоолсуз Абдукадыр үй-бүлөсүнүн акчаларын адалдагандан кийин, Саймаити жана анын аялы Вуфули Бумайлияму каражаттардын бир бөлүгүн Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык болгон «Исмаил Ата» фондуна которушкан.

Kloop, «Азаттык» жана OCCRPнин биргеликте жасалган иликтөөсү жарыяланаардын алдында Саймаити Стамбул шаарында өлтүрүлгөн. Буга чейин Саймаитинин курьерлеринин бири Хусан Керимов киши колдуу болгон. Керимов ошол каргашалуу кечте тийиштүү дарекке жеткирүү үчүн накталай 1,6 миллион долларды алууга бараткан. Курьердин жансыз денеси «Манас» аэропортунун алдындагы унаанын багажнигинде табылды.

Хусан Керимовдон сырткары иш убагында жок болуп кеткен курьерлер да болгон. Керимов өлтүрүлгөнгө чейин бир жума мурун «Мадина» базарынын 37 жаштагы соодагер Хуфур Абдурехмандын денеси табылган. Бирок ал бир гана соодагер эмес, «коллектор» да болгон — Абдурехман башка соодагерлердин акчаларын чет өлкөлөргө чыгаруу үчүн топтоп жүргөн.

Бул иликтөө коомчулукта резонанс жараткан. Өткөн жылдын ноябрь айында миңдеген адам «Ак үйдүн» алдына коррупцияга каршы митингге чыккан. Чогулгандардын негизги талабы Райымбек Матраимовду камоо жана реалдуу реформаларды өткөрүү болгон.

Матраимовдордун үй-бүлөсү Kloop, «Азаттык» жана «24.kg» (бул басылма иликтөөдө катышкан эмес, ал иликтөө тууралуу өз сайтында жарыялаган) басылмасын 60 млн сомдук доо менен сотко бергенден кийин, жарандар экинчи митингге чыгышкан. Митингдин катышуучулары парламенттин алдындагы революция эстелигинин жанына чогулуп, ЖМКларга басым жасоону токтотууну талап кылышкан.

Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» басылмасына койгон доосунан баш тартышкан. Бирок алар Райымбек Матраимовдун «ар-намысы менен ишкердик беделине» зыян келтирилди деп Kloopтон 12,5 млн сом, «Азаттыктан» 22,5 млн сом жана журналист Али Токтакуновдон 10 млн сом талап кылышууда.