Аткаминер 100 миң сом пара менен кармалды. УКМК анын кабинетинен дагы 1,3 млн сом тапты

Сүрөт: УКМКнын сайты

Улуттук коопсуздук боюнча мамкомитетинин (УКМК) басма сөз кызматы 29-сентябрда Экономика министрлигинин Банкроттук иштер боюнча департаментинин директорунун орун басары 100 миң сом пара менен кармалгандыгын маалымдады.

УКМКнын маалыматы боюнча, департаменттин кызматкерлери коррупциялык схеманы жөнгө салып, ал аркылуу банкрот уюмдардын активдерин төмөн баада чыгарып турушкан.

«Департаменттин атайын администратору ишкананын активинин наркын төмөндөтүү боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерге катышуудан баш тарткандан кийин, анын функцияларын көзөмөлгө алынган кызматкерге өткөрүп берүү максатында ага карата банкроттук жол-жобону киргизүүгө, акыркы ишканалардын биринин атайын администрациясынын ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен кетирүү үчүн көрсөтүлгөн каражаттарды сунуштаган», — деп билдиришти УКМКдан.

Мындан тышкары, кызматтын иш бөлмөнү тинтүүдө кармалган адамдан 1 млн 331 млн сом табылып, алардын келип чыгышы аныкталууда.

Бул факт боюнча материалдар КЖБРге «Пара берүү» беренеси менен катталды. Экономика министрлигинин кармалган кызматкери УКМКнын ТИЗОсуна киргизилди.