Караколдо үч аялды карактаган киши кармалды, алардын бири зордукталганын айтты

Сүрөт: Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматы

Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери аялдарга карата бир нече кылмыш жасаган шектүүнү 29-сентябрда кармады. Бул тууралуу «Клоопко» Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов кабарлады.

Маалыматка ылайык, сентябрдын ортолорунда милицияга үч аял арыз менен кайрылышкан. Жабырлануучулар аларга медициналык беткапчан белгисиз адам түнкү мезгилде көчөдөн кол салып, бычак менен коркутуп, уюлдук телефондорун тартып алгандыгын билдиришкен.

Жабырлануучу аялдардын бири шектүү анын телефонун тартып алып, зордуктоого аракет жасаган деп көрcөтмө берген. Экинчи аял кол салган кишиге каршылык көрсөткөндүктөн, шектүү аны катуу сабап салгандыгын айтып берген.

«Акыркы жабырлануучу аял, Ак-Суу районунун 36 жаштагы тургуну болсо, ошол күнү Каракол шаарында жайгашкан меймакананын биринде түнкү нөөмөттө иштеп жатканын билдирген. Болжол менен түнкү саат 22.00 чамаларында, ал эс алып жаткан бөлмөгө белгисиз адам кирип келип, балка менен башка бир нече жолу уруп, андан кийин бычак менен коркутуп, 6800 сом акча каражатын жана 2 уюлдук телефонун тартып алгандыгын, ошондой эле, ванна бөлмөсүнө күч менен алып кирип, ал жерден зордуктаганын арызында көрсөткөн», — деп берилет Ысык-Көл ОИИБнин билдирүүсүндө.

Укук коргоо органдары «Ден соолукка оор зыян келтирүү», «Зордуктоо», «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» жана «Каракчылык» беренелери менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Анын натыйжасында шектүү катары Каракол шаарынын 27 жаштагы тургуну кармалып, алгачкы суракта ал өз күнөөсүн мойнуна алган.

Ошондой эле шектүүдөн кылмыш куралдары катары балка менен бычак алынган.

Учурда ал Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилип, тийиштүү экспертизалар дайындалды.