«Кыргызстан» партиясынын мүчөлөрү съездде. Сүрөт: Партиянын басма сөз кызматы

«Кыргызстан» партиясы 2010-жылы 24-июнда Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн, бирок 2015-жылдагы парламенттик шайлоого чейин жигердүү саясий иш жүргүзгөн эмес.

2015-жылдын 9-июлунда партиянын үчүнчү съездинде төрага болуп депутат Канат Исаев шайланган. Ал буга чейин парламентте «Республика» фракциясынын өкүлү болгон. Саясат таануучулардын билдирүүсүндө, «Кыргызстан» партиясы башында бийликке лоялдуу болгон адамдардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн түзүлгөн.

2015-жылдагы шайлоодо «Кыргызстан» партиясы добуштардын саны боюнча үчүнчү орунга чыгып, парламенттеги 120 мандаттын 18ин алган.

Партия дароо эле бийликчил КСДП, «Өнүгүү — Прогресс» жана «Ата Мекен» менен көпчүлүк коалициясына кирген. Жогорку Кеңештин вице-спикерлерлеринин бири болуп «Кыргызстандын» өкүлү Нурбек Алимбеков шайланган. Шайлоодон бир жыл өткөн соң Канат Исаев көпчүлүк коалициянын лидери болуп бекитилген. Алтынчы чакырылышта фракция алты жыл ичинде үч жолу түзүлгөн коалициянын бардыгына кирген.

2016-жылдагы жергиликтүү кеңешке шайлоодо «Кыргызстан» партиясы «Туруктуулук кепилдиги жана жаңыланууга жол» деген ураан менен добуштардын саны боюнча экинчи орунду алган.

2019-жылдын сентябрь айынын аягында Бишкекте партиянын алтынчы съезди өтүп, анда делегаттар Исаевди 2023-жылга чейин партиянын лидерлигине кайрадан шайлап, келерки парламенттик шайлоого катышуу чечимин кабыл алышкан.

Партиянын лидери

«Кыргызстан» партиясынын алмашкыс лидери — Канатбек Исаев.

Ал 1975-жылы Чүй облусунун Кошой айылында туулган. 1997-жылдан тартып фискалдык органдарда иштеп баштап, кийинчерээк Чүй райкеңешинин депутаты болгон. 2006-2008-жылдары Чүй облусунун газ чарбасында жетекчилик кызматтарды аркалаган.

Депутат Канат Исаев.

Исаев 2010-жылга чейин Токмок шаарынын мэри болуп эмгектенип, андан кийин «Республика» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон жана эки жыл бою парламенттеги фракцияны башкарган.

2013-2015-жылдары ал өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болгон. Исаев саясаттан тышкары улуттук спорт түрлөрүнө — көк бөрүгө кызыккан. Ал «Көк бөрү» улуттук федерациясын жетектеген, ал эми 2013-жылы бул спорттун эл аралык федерациясынын башкы катчысы болуп шайланган.

Ал 2016-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев демилгелеген Конституциянын реформасына макул болбогону үчүн парламенттен кеткен. Ошондо ага каршы коррупция жана Токмоктун мэри болуп турганда мамлекеттик мүлктү сатуу боюнча айыптар тагылган.

Исаев 2017-жылы президенттик шайлоодо бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы Өмүрбек Бабановду колдоп чыккандан кийин бийликти басып алууга аракет жасоого айыпталган. Ал Бабанов утулуп кала турган болсо башаламандыкка даярдык көргөн деп шектелген.

Ал 2018-жылы январда Токмок шаарынын мэри болуп турган кезде маммүлктү сатуу боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 12 жыл абак жазасына кесилген. Мунапыс менен анын абак мөөнөтү 9 жылга чейин кыскартылган.

2018-жылы июлдун аягында Бишкек шаардык соту Исаевдин ишиндеги «Коррупция» беренесин «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренесине өзгөрткөн.

Сүрөт: ЖКнын пресс-кызматы

Жаңы берене боюнча кылмыштын эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендиктен, Исаевдин 12 жылга соттолгон иши токтотулган. Бирок ал бийликти күч менен басып алууну даярдоо айыбынан улам камакта калган.

Ал «башаламандыктарды даярдоо» айыбынан улам ТИЗОдо дээрлик 10 ай отуруп, 2018-жылы июлда үй камагына чыгарылган.

Ал эми 2019-жылы жайында бул иш токтотулган. Кийинчерээк ал «Азаттыкка» курган маегинде эгер Бабановго каршы көрсөтмө бергенинде эрте эле чыгып кетмектигин айткан.

Мындан кийин Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясына кайтып келип, депутаттык милдетин уланткан. 2019-жылдын сентябрында парламенттин спикери Дастан Жумабеков жана Алмазбек Баатырбеков өз талапкерлигин алышканда ал кайрадан партиянын лидери болгон.

Партиянын келерки шайлоого карата программасы

«Кыргызстандын» талапкерлери шайлоо алдындагы «Эл үчүн» программасында өлкөнүн көйгөйлөрүнө кеңири көңүл бурушкан: таштандыны жок кылуудан баштап жеңилдетилген ипотекадан кутулуу шарттарына чейин. Партиянын бардык убадалары менен бул жерден тааныша аласыздар. «Клооп» программадагы конкреттүү чаралар гана көрсөтүлгөн пункттарды тизмектеди:

  • Аткаминерлерди жана бири-бирин кайталаган маморгандарды кыскартуу.
  • Ар бир аткаминерден отчёттуулук.
  • Мамтекшерүүлөрдү кыскартуу үчүн шарттар.
  • Өлкөнүн бардык аймактарында акысыз кесиптик техникалык билим алуунун жеткиликтүүлүгү.
  • Кыргызстандыктар үчүн кош жарандуулук.
  • Айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоо үчүн фермердик кооперативдер.
  • Жеңилдетилген насыялоонун жаңы механизми.
  • Салыктарды максималдуу төмөндөтүү программасы.
  • Альтернативдүү энергетика, электр унааларды жана экологиялык коомдук транспортту киргизүү.
  • Заманбап ооруканаларды куруу жана орундуктарды көбөйтүү.
  • Жетиштүү санда тез жардам унаалары менен камсыздоо.
  • Майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүү чөйрө.
  • Өз баасы боюнча жеңилдетилген турак жай куруу үчүн жаңы механизм.
  • Жаңы төрөлгөн ымыркайларга берилүүчү төлөмдү 50 000 сомго чейин көбөйтүү.
  • Таштандыны кайра иштеткен заманбап завод куруу.
  • Мугалимдерге билим деңгээлин алдыңкы өлкөлөрдө жогорулатып келүүгө мүмкүнчүлүк түзүү.
  • Мугалимдер үчүн «Атайын статус» мыйзамдуу түрдө аныктоо.
  • ЕАЭБге мүчөлүктүн жана Жалпы преференция системасы + статусунун мүмкүнчүлүктөрүн 100%га колдонуу.
  • Чек ара жана күч түзүмү боюнча вице-премьер-министрди Ош шаарына көчүрүү.
  • Мамлекеттик чек аралар такталбаган жерлерге жана ал жакта жашагандарга өзгөчө статус берүү.
  • Туристтердин санын жылына 2 млнго чейин көбөйтүү.

Мурдагы шайлоодо партия эмнелерди убадалаган?

2015-жылдагы парламенттик шайлоодо «Кыргызстан» партиясынын урааны мындай болгон: «Башкалар убада берет. Биз аткарабыз!» Politmer басылмасынын маалыматы боюнча, партия убадаларынын 78%ын аткарган эмес.

Ошондо партиянын программасы «Жети кадамдан» турган: «Ыймандуу Кыргызстан», «Дени сак Кыргызстан», «Билимдүү Кыргызстан», «Мыйзамдуу Кыргызстан», «Жигердүү Кыргызстан», «Кереметтүү Кыргызстан», «Бакубат Кыргызстан».

Аткарылбаган убадалар:

  • коррупция үчүн жогорку жаза чарасын киргизүү;
  • өлкө боюнча китеп саткан дүкөндөрдүн тармагын ачуу;
  • студенттердин стипендияларын көбөйтүү;
  • депутаттардын артыкчылыктары менен кол тийбестигин жокко чыгаруу;
  • Кара-Суу районунда жаңы тигүүчү фабрика ачуу;
  • Чолпон-Ата — Алматы аркан жолун куруу;
  • ипотекалык насыянын мөөнөтүн 20 жылга чейин көбөйтүү;
  • медициналык жабдууларды лизингге жеңилдетилген насыя менен берүү;
  • өлкөдө орточо пенсияны үч эсе көбөйтүү;
  • аймактарда акысыз юридикалык кеңеш берген борборлорду ачуу;
  • тоо этектерине шамал менен иштеген электр станцияларын куруу;
  • Миң-Куш шаарынын өнөр-жайын кайра жандантуу;
  • Жалал-Абад облусунда сүт иштеткен завод куруу;
  • өлкө боюнча спорт секцияларын ачуу;
  • Нарын болусунда эт комбинатын ачуу;
  • айылдык мугалимдерге жер тилкелерин берүү;
  • топоз этинен кыргыз брендин түзүү;
  • көйгөйлүү кредиттердин мамфондун түзүү;
  • Бишкектин коомдук транспортунда акысыз жол жүрүү уюштуруу;
  • майып адамдар үчүн акысыз дары-дармек жана араба берүүнү уюштуруу;

Партиянын убадаларынын ичинен жаңы төрөлгөн ымыркай үчүн 50 миң сом сүйүнчү берүү убадасы көбүнчө эсте калды. Кийинчерээк президент менен өкмөт бул убадаларды «ишке ашырылгыс» жана «негизсиз» деп аташкан. Ал эми «Кыргызстан» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Канатбек Муратбеков бир жыл бою ай сайын жөлөкпул төлөп турууну сунуштаган. Бирок, бир жолу берилүүчү сүйүнчү 2018-жылдын 1-январынан тарта төлөнө баштаган. Бирок анын суммасы болгону 4 миң сомду түзөт.

Аткарылган убадалар:

  • мамлекеттик аткаминерлерди кыскартуу;
  • Чоң-Алайда стадион жана кыш заводун куруу;
  • Араван районунда логистикалык борбор түзүү;
  • жаңы мектептерди куруу;
  • кыргыз тил боюнча акысыз курстар;
  • таштанды чыгаруу үчүн акыны көбөйтүү;
  • эмгек мигранттарын юридикалык акысыз консультация менен камсыздоо.

Партияга байланыштуу чуулар

Акыркы чакырылышта «Кыргызстан» партиясы аткезчиликке, админресурс колдонууга жана УКТга байланыштуу болгон бир нече чоң чуулуу окуяларда фигурант болгон. «Клооп» алардын эң башкыларын тизмектеди.

Боршайком менен соттошуу

«Кыргызстан» партиясы шайлоо алдындагы жаңжалдын очогунда калды. БШК партиялардын талапкерлеринин тизмесин кабыл алууну 24-августта аяктаган.

Ошол эле күнү, кечкисин бир нече партиялардын өкүлдөрү жана активисттер БШКнын имаратынын алдына чогулушкан. Алар «Кыргызстан» партиясынын документтерин кайтарып берүүнү талап кылышкан, анткени аталган партиянын өкүлү документ тапшырууда кечигип калган.

Кийинчерээк байкоочу камералардын жазмаларында аныкталгандай, «Кыргызстандын» мүчөсү БШКнын имаратына 18:01де кирген, ал эми каттоо журналында анын келген убактысы 17:59га өзгөртүлүп, мындан тышкары каттоо журналында анын кол тамгасы жок болуп чыккан.

ТЕМА БОЮНЧА: Беш партия «Кыргызстандын» айланасындагы чууга байланыштуу президентке кайрылды

Эртеси Боршайком партиянын документтерин кайтарып берүүнү чечкен, анткени документтерди башка адам тапшырган. Ошондо Канат Исаев комиссия бул чечимди башка партиялардын кысымы астында кабыл алган деп билдирген.

Жыйынтыгында «Кыргызстан» партиясы БШКны сотко берип, утуп алган. Акыры БШК партиянын документтерин кабыл алып, ага шайлоого катышууга уруксат берген.

Дастан Жумабеков жана 50 миң сом

Сентябрдын ортосунда Дастан Жумабеков Талас облусуна иш сапары менен барган. Анда жаңы төрөлгөн ымыркайына төраганын атын ыйгарган келинге 50 миң сом белекке берген. Парламенттин төрагасы төрөт үйүнө барып, эне-баладан кабар алган. Алгач Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы Жумабековдордун үй-бүлөлүк фондунан 50 миң сом берилди дешсе, көп өтпөй төраганын басма сөз катчысы спикердин фонду которду деп маалымат берген.

Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

БШК мүчөсү Атыр Абдрахматова бул кадамды шайлоочуларды сатып алуу катары баалап, кесиптештеринен бул окуя боюнча текшерүү жүргүзүүнү өтүнгөн. Бирок Боршайкомдун мүчөлөрү алгач маселени күн тартибине киргизүүдөн баш тартышкан. Бирок кийин бул маселе БШКнын жыйынында каралып, анда Жумабековду талапкерлердин тизмесинен четтетүү чечимине каршы добуш беришкен. «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» бул чечимге нааразылыгын билдирип, Бишкек шаарынын административдик сотуна БШКнын үстүнөн арыз берген. Укук коргоочулар Боршайком аталган партияны бир нече жолу «соккудан коргоп калды» дешүүдө.

Cүрөот:  Азаттык

Эркиндикке чыккан аткезчи

2018-жылы февралда Казакстанда «Кыргызстан» партиясынын депутаты жана грек-рим күрөшү боюнча спорттун чебери Дамирбек Асылбек уулу эки кыргызстандык менен бирге кармалган. Ал «трансулуттук уюшкан кылмыштуу топту түзүү жана жетектөө» жана «экономикалык аткезчилик» боюнча күнөөлүү деп табылган.

Алматынын атайын соту 2019-жылы 24-апрелде Асылбек уулун 10 жылга эркинен ажыратып, Кыргызстанга абак мөөнөтүн өтүп буткөн соң гана өткөрүп берүүнү убада кылган. Бирок ошол эле жылы ноябрда үч кыргызстандык мекенине которулуп, иш кайра каралып, ошол эле өкүм күчүндө калтырылган.

Анткен менен экс-депутат 2020-жылы 21-августта эркиндикке чыккан — 10 жылдык абак мөөнөтүнүн бир жылдан ашыгын гана абакта өткөргөн. Жогорку сот ал мунапыс боюнча бошотулганын бир жумадан кийин гана түшүндүргөн. Андан алдын ала «уюшкан кылмыштуу түзүмдү уюштуруу» айыбы алынган.

Атышуу жана парламенттеги «Чемпион»

2019-жылдын январынын аягында ЖМКлар Токмоктогу чек ара көзөмөл өткөрүү жайында аткезчилердин ортосунда атышуу болгонун кабарлашкан. Атышууга «Чемпион» деген каймана аты бар парламент депутаты да катышканы айтылган.

Окуяга «Кыргызстан» фракциясынын парламенттеги депутаты Урмат Самаев коментарий берген. Анткени, «Чемпион» деген каймана аты бар депутат тууралуу маалымат ага тийиштүү болгон — Самаев мурда бокс боюнча машыктыруучу болгон. Ал эми учурда ал «Көк-Бөрү» федерациясынын вице-президенти болуп саналат.

Сүрөт: Kaktus.Media

Алгач ал окуя болгон жерде болгонун төгүндөп, кийин ырастаган. Анын айтымында, ал «тараптарды жараштырган». Мындан кийин жабыркаган аткезчилердин бири президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, аткезчиликке байланышы бар Самаевден «коргоону» суранган.

Арадан бир жыл өткөн соң Урмат Самаев укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Самаевдин парламенттеги кесиптеши Канат Исаев эл өкүлүнүн УКТга тиешесин четке кагып, аны «болгону спортчу» деп атаган.

Партиянын талапкерлери

Талапкерлердин алгачкы ондугу дээрлик алтынчы чакырылыштын депутаттарынан турат.

Талант Мамытов

Партия лидеринен кийин экинчи катарда юридикалык билими бар Талант Мамытов турат. Ал 2000-жылдан бери 10 жыл бою прокуратуранын ар кайсыл аймактарындагы бөлүмдөрүндө прокурор болуп иштеген.

2010-жылы «Ата Журт» партиясынан парламентке депутат болуп келген. 2013-жылы бийликти күч менен алуу беренеси боюнча сот жообуна тартылып, депутаттык мандатынан ажыратылган. 2015-жылы Талант Мамытов соттолгондугун жокко чыгарып, бул жолу «Республика—Ата-Журт» партиясынын катарынан шайланган.

Алкомагнат атыккан «Кыргызстан» партиясынын башкы демөөрчүсү Шаршенбек Абдыкеримов талапкерлердин тизмесинде онунчу орунда бара жатат. Абдыкеримов шайлоого беш ай калганда, эки депутат үгүт иштерине камынуу үчүн арыз жазып кеткен соң мандатка ээ болгон. Абдыкеримов ири, көп профилдүү «Аю Холдинг» компаниясынын негиздөөчүсү. Ошондой эле Улуттук олимпияда комитетинин башчысы, Лондондогу эң бийик имаратта батири бар экендиги белгилүү. Экс-депутат Ширин Айтматова Абдыкеримовду ун чыгаруу мафиясына тиешеси бар деп айыптаган. Абдыкеримов өзү өзбек тектүү кримтөбөл Салимбай Абдувалиев менен байланышын жашырбайт.

Шаршенбек Абдыкеримов

Дастанбек Джумабеков

Парламенттин учурдагы спикери Дастан Жумабеков депутаттыкка талапкерлердин тизмесинде жетинчи саптан орун алган. Билими боюнча юрист эмгек жолун дароо эле түрк компаниясында коммерциялык директорлук кызматтан баштаган.

2010-жылы ал Жогорку Кеңешке «Ата-Журт» партиясынан депутат болуп шайланып келип, төрт ай парламенттик фракцияны жетектеген. Ал эми 2015-жылы депутаттыкка «Кыргызстан» фракциясынан талапкерлигин койгон. Жумабеков — дикциясы начар жана атка ишенимдүү отура албаган чыгыш күрөшү боюнча спорт чебери.

Ал 2019-жылдын аягында жана 2020-жылы Германиядагы шаардын аталышын «Франкфурт жана Маяне» жана «Франкфурт-на-Маяне» деп эки жолу туура эмес окуган.

Наталья Кулматова партия талапкерлеринин тизмесинде төртүнчү номерде. «Экспертиза жана баалоо көз карандысыз борбору» компаниясын жетектейт жана Бишкек шаардык кеңешинде иштейт.

Наталья — мурдагы мэр жана Улуттук Банктын башчысы Кубанычбек Кулматовдун мурдагы жубайы.

Наталья Кулматова.

Таалайбек Масабиров.

Профессионал дзюдочу, үч диплому бар самбо спортунун чебери Таалайбек Масабиров бажы кызматынын өлкө аймактарындагы бөлүмдөрүндө 17 жыл жетекчилик кызматтарда иштеген.

2015-жылы «Кыргызстан» партиясынын катарында депутаттык мандатка ээ болгон. Масабиров Кыргызстан дзюдо федерациясынын ардактуу президенти. Көк-бөрү сүйүүчүлөргө кирет.

«Өнүгүү — Прогресстен» келген учурдагы депутат жана парламенттеги «сексалю» Тазабек Икрамов «Кыргызстандын» талапкерлеринин тизмесинде 27-орунда турат.

«Азаттыктын» булактары маалымдагандай, Икрамов уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМде каттоодо турган жана ал 2009-жылы экс-депутат Жусупжан Жээнбековдун уулун уурдоого буйрутма берген деп шектелген.

Тазабек Икрамов

Анткен менен басылмага курган маегинде Икрамов айыптардын бардыгын төгүндөп, бирок Водолаз деген каймана аттуу кримтөбөл менен дос экенин бышыктаган. Кийинчерээк Жусупжан Жээнбеков өзү да Икрамовдун уулунун уурдалышына тиешеси жоктугун билдирген.

Ошондой эле, 2018-жылдын аягында, болгону эки жыл дене тарбия мугалими болуп иштеген Икрамовго «Билим берүүнүн отличниги» наамы ыйгарылган. Бул маалымат соцтармак колдонуучулардын арасында нааразылык толкунун жараткан. Себеп дегенде мындай наам 20 жылдан ашык эмгек тажрыйбасы бар мугалимдерге берилиши керек болчу. Кийинчерээк юрист жана БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев Коопсуздук кеңешине кайрылып, билим берүү жана соцмаселелер боюнча комитеттин мүчөсү мындай наамды алгандыгынын мыйзамдуулугун кароону талап кылган.

Жыргалбек Саматов

Криминалга байланышы бар делген «Кыргызстандын» дагы бир талапкери — Жыргалбек Саматов. Ал партиядан эки жолу депутат болуп шайланган.

Бирок анын иштегени анчейин натыйжалуу эмес. Мисалы, 2010-жылы депутат болуп келгенде бир дагы мыйзам долбоорун жазып демилгелеген эмес.

2016-жылы Жогорку сот Саматовдун кош жарандыгы бар экенин аныктаган — Кыргызстандын паспорту менен Орусиянын паспорту болгон, буга шайлоо мыйзамы тыюу салат.

Саматов партиялашы Икрамов сыяктуу эле крим дүйнө менен байланышы бар деген ишимтердин бардыгын четке кагат, ал ошондой эле кош жарандыгы бар экенин дагы төгүндөйт. Саматов мандатынан ажыратылгандан кийин бир нече жыл Кыргызстандын көк бөрү боюнча федерациясын жетектеген, бирок кийин бул кызматынан бошотулган.