«Ата Мекен», «Бир Бол», «Ордо», «Реформа» жана «Чоң Казат» саясий партиялары «Кыргызстан» партиясынын БШКга катталуусуна байланышкан чырдан улам президент Сооронбай Жэнбековго, УКМКнын башчысы Орозбек Опумбавге жана акыйкатчы Токон Мамытовго кайрылышты. Тийиштүү билдирүүнү «Ата Мекен» партиясы менен шайлоого бара жаткан депутат Наталья Никитенко фейсбук баракчасына жарыялады.

24-августта кечинде, «Реформа», «Бир бол» жана «Ата Мекен» партиясынан шайлоого аттанган айрым талапкерлер жана жарандык активисттер БШК «Кыргызстан» партиясынын документтерин саат 18:00дөн кийин кабыл алды деген жүйөө менен мекеменин имаратынын алдына чогулушкан. Алар мыйзам бузган кайсы гана партия болбосун аны шайлоодон чететтүүнү талап кылган. Боршайком «Кыргызстан» партиясынын айланасындагы чырды 24 сааттын ичинде атайын комиссия карап чыгат деп сөз берген.

Беш партиянын кайрылуусунда ошондой эле, БШКнын каттоо журналында «Кыргызстан» партиясынын өкүлүнүн катталган учуру 18:03төн 17:59га оңдолгон учуруна дагы көңүл буруу керектиги жазылган. Андан сырткары аталган партиянын өкүлү делген эркек кишинин келгени видеокамераларга тартылып калса, каттоо журналына Абильдиева Э. П. аттуу аял киши жазылган, бирок ал журналга кол койгон эмес. Андыктан бул жерде «БШКнын кызматкерлери тарабынан кызматтык жасалмалоо болгону көрүнүп турганын» эскертишкен.

Буга байланыштуу алар БШК тарабынан партиянын документин кабыл алууда кетирилген кемчиликти жоюп, аталган фактылар боюнча сотко чейинки тергөө амалдарын баштоону суранышкан. Аны менен катар окуянын чоо-жайын иликтей турчу комиссия түзүп, курамына ар бир партиядан бирден мүчө, жарандык активисттер менен ЖМКларды киргизүүнү талап кылышкан.

«Кыргызстан» партиясынын лидери Канат Исаев чыккан чуу боюнча чукул жыйын куруп, аларга коюлган айыптоолорду четке какты. Ал партиянын өкүлү БШКга саат 18:00гө чейин барганын жоопкерчилик менен айта аларын билдирди. Исаев андан сырткары аларга айрым партиялар атайылап бут тосуп жатканын да кошумчалады.

Парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. 24-августта Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышууну пландаштырган партиялардын акыркы документтерин кабыл алды жана аларды карап чыгып, 4-сентябрга чейин каттайт.

Ошол күнү эле учурда, 3-октябрда аяктай турган шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат. Башында 44 саясий партия шайлоого катышууну каалаган. Бирок 24-августка чейин алардын саны 17ге чейин кыскарган. БШК каттоого алган партиялардын арасында «Кыргызстан» да бар.