Аткезчилик боюнча 10 жылга кесилген экс-депутатка мунапыс колдонулуп, абактан бошотулду

Дамирбек Асылбек уулу. Сүрөт: «Азаттык»

«Транс улуттук кылмыштуу уюмун түзүүгө» жана «Экономикалык аткезчилик» боюнча күнөөлүү деп табылган парламенттин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу 21-августта эркиндикке чыкты. Асылбек уулу өткөн жылдын апрель айында 10 жылга эркинен ажыратылган болчу.

«Азаттык», Жогорку соттун басма сөз кызматына таянып, Асылбек уулунун иши 19-августта «жаңы ачылган жагдайлар» боюнча кайрадан каралып, өкүм өзгөртүлгөнүн кабарлады.

Маалыматка ылайык, Асылбек уулу «Транс улуттук кылмыштуу уюмун түзүү» боюнча жоопкерчиликтен бошотулду, ал эми «Экономикалык аткезчилик» беренеси менен ал үч жылга эркинен ажыратылган. Жогорку сот Асылбек уулунун жактоочусунун арызын канааттандырып, соттолуучуга карата Улуу Ата мекендик согуштун 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс колдонуп, аны абак жазасынан бошотту.

2018-жылдын февраль айында «Кыргызстан» партиясынан депутат Дамирбек Асылбек уулу аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча атайын операциянын жүрүшүндө Казакстанда кармалган. Андан тышкары кыргызстандык Уланбек Мурадилов жана Чыңгыз Абакиров да кармалган.

Асылбек уулу кармалган соң, анда кыргыз жана казак жарандыгы бар экени аныкталган. Бул аны депутаттык мандаттан ажыратууга себеп болгон. Асылбек уулу 2018-жылдын апрелинен тарта депутат болбой калган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Дамирбек Асылбек уулу кытай товарларын аткезчилик жол менен Кыргызстандан Казакстан менен Орусияга ташыган уюшкан кылмыштуу топту жетектеген. Бул топ бир жыл ичинде чек ара аркылуу 407,5 млн теңгеге бааланган товларды өткөзүп, мындан улам Казакстандын казынасына 99 млн теңгеден ашуун бажы төлөмдөрү түшпөй калган.

Алматынын адистештирилген райондор аралык соту 2019-жылдын 24-апрелинде Асылбек уулуна карата 10 жыл эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Прокурор анын жаза мөөнөтүн 12 жыл деп белгилөөнү суранган.

Ошол эле жылдын ноябрында кармалган кыргызстандыктар Кыргызстанга экстрадицияланган. Бул иш кайра каралып, бирок өкүм күчүндө калтырылган болчу.