«Кулсуңар». «Мекеним Кыргызстан» кишилерди «мажбурлап» чогултуп жатат делген видео тарады

Партиянын 27-сентябрда Жалал-Абад шаарында өткөргөн жолугушуусу.

Фейсбук колдонуучусу Мирбек Уметалиев 28-сентябрда баракчасына видео бөлүштү. Анда базарда «Мекеним Кыргызстандын» логосу түшүрүлгөн кийим кийген жигитти жана анын артынан бара жаткан кишилерге нараазы болгон кардарды байкоого болот.

«Биз соода кылганы келсек баарын айдап кетип жатасыңар. Адамдар кааласа барышат. Тиги жерде барууну каалабай отурат мисалы, аны тур деп зордоп жатат», — деген видеону тартып жаткан аял.

Аял тасмадагы ыктымал «Мекеним Кыргызстандын» үгүтчүсүнө анын «базарды жабабыз» деп жатканына ачууланып, ал эми жигиттин сөзүнө кирип товарларын жыйнап жаткан сатуучуларды «кулсуңар» деп атаган.

Тасма кайсыл жерде тартылганы белгисиз, ал эми видеону жүктөгөн колдонуучу окуя Жалал-Абад шаарындагы «Береке» базарында болгон деп божомолдогон.

Аталган партия видео жарыялангандан бир күн мурда — 27-сентябрда Жалал-Абад шаарында жолугушуу өткөргөн. Материал жарык көрөөр алдында «Мекеним Кыргызстан» партиясынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

«Мекеним Кыргызстандын» үгүт иш-чаралары боюнча даттануулар

Буга чейин да соцтармактарда аталган партия жолугушууга башка бир партиянын атын атап, элди чогултканы айтылган.

«"Мекеним Кыргызстан" Аксыдагы эл менен жолугушуусуна "Бүтүн Кыргызстандын" чогулушуна келгиле деп базарда элди чакырганы уят эле болду. Ушул партиянын акыбалын ачык көрсөттү», — деп жазган фейсбук колдонуучусу Наралы Асанбаев.

Бул колдонуучулардын арасында кызуу талкуу жаратып, нараазы болгон колдонуучулар Асанбаевдин постуна комментарий калтырышкан.

«500 сом берип айылдан алып келди, Кербенден эч ким келбеди. Уялбай дагы коррупционер Нарбаев Каныбек менен уурунун атасы Медет Айдаралиев сүйлөдү. Аксынын атынан сүйлөгөнү акысы жок бул эргулдардын», — деп жазган колдонуучу Мелис Марсбеков.

Марсбеков айткан Нарбаев аталган партиянын 116-тизмесинде шайлоого аттанган, ал эми Айдаралиев Аксы районунун акими.

Аталган партия көп учурда үгүт иш-чараларына талап кылынган 50 адамдан көп эл чогултуп, санитардык нормаларды сактабайт — партия өзү өлкө боюнча 1 500дөй жолугушуу өткөрүп, ага 2 миллиондой киши келгенин кабарлады.

«Мекеним Кыргызстанды» өлкөдөгү таасирлүү делген Матраимовдордун кланы менен байланыштырышат. Анын курамында депутат Искендер Матраимов, алардын фондунун өкүлү Элнура Алканова жана үй-бүлөнүн адвокаты Канатбек Азиз бар.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Жогорку Кеңештеги 120 орун үчүн 16 партия ат салышууда. Ал эми үгүт иштери 3-октябрда аяктайт.