Коронавирус дагы 128 кишиден аныкталып, 141 киши сакайды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 3-октябрда коронавирустун жаңы 128 учуру катталганын маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Баткен облусу — 38;

Ош облусу — 33;

Жалал-Абад облусу — 17;

Чүй облусу — 2;

Ысык-Көл облусу — 6;

Бишкек — 22;

Ош шаары — 8.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 47 184кө жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 18 082. Ал эми Чүй облусунда — 5 609, Ош облусунда — 4 697, Жалал-Абадда — 4 757, Ысык-Көлдө — 4 036, Ош шаарында — 3 554, Баткенде — 3 206, Нарын облусунда — 1 755 жана Талас облусунда — 1 486 учур катталды.

Ошондой эле, акыркы суткада 141 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Ош облусунда катталды — 40, Жалал-Абад облусунан — 16, Бишкек шаарынан— 14, Ош шаарынан — 26, Баткен облусунан — 15, Чүй облусунан — 6, Талас облусунан — 5, Нарын облусунан — 2 жана Ыссык-Көл облусунан — 17 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 42 278 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 999 бейтап, ал эми үй шартында 1 386 киши дарыланып жатат. Инфекция жалпы 1 066 адамдын өмүрүн алды.

Акыркы суткада он медкызматкерден коронавирус аныкталды. Бишкек жана Ош шаарларынан — бирден, Ош облусунан — төрт, Баткен жана Жалал-Абад облустарынан — экиден медик COVID-19га чалдыккан. Ал эми бир суткада үч медик айыкты жана алты медик үй шартында дарыланып сакайды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 304кө жетти, анын ичинен 3 038 медкызматкер илдеттен айыкты.