«Бүгүнкү шарттар менен абалдан чыгууга аракет кылабыз». Боронов карантин тууралуу

Премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкектеги шайлоо участкасында. Сүрөт: Өкмөт

Өкмөт башчысы Кубатбек Боронов 4-октябрда өкмөт кайрадан карантин киргизүүнү пландабаганын билдирди. Бирок анын пикиринде, эгер муктаждык болсо бийлик чектөө киргизет.

«Мүмкүн болушунча элди кыйнап карантин киргизбейбиз. Бүгүнкү бар шарттар менен абалдан чыгууга аракет кылабыз», — деп келтирет Бороновдун айткандарын Кактус.Медиа басылмасы.

Өкмөт башчысы коронавирустун жайылышы боюнча абал бир эле Кыргызстанда гана эмес, дүйнө жүзүндө да начарлап атканын кошумчалады. «[4-октябрда] коронавирустун 200дөн ашуун учуру [катталды]. Кечээки сандарга салыштырмалуу — бул көп», — деп белгиледи ал.

Мурдараак саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев COVID-19 жуктуруунун өсөөрү күтүлгөнүн жана анын парламенттик шайлоого эч тиешеси жоктугун түшүндүргөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков да кайрадан карантин киргизүү менен маселе чечилип калбасын айткан. Анын айтымында, жарандар санитардык эрежелерге жоопкерчиликтүү мамиле кылышы керек.

Бул билдирүүлөр менен бийлик социалдык тармактардагы парламенттик шайлоонун алдында коронавирус жуктуруунун статистикасын атайылап азайтышууда деген билдирүүлөргө реакция кылды.

4-октябрда өлкөдө коронавирустун жаңы 244 учуру катталып, 140 адам ооруканадан чыкты. Пандемия башталгандан бери өлкөдө оору жуктуруунун 47 миңден ашуун учуру катталган.