Бир кадр менен. Араванда добуш берүүнүн купуялуулугу бузулууда

Ош облусунун Араван районундагы шайлоо участокторунун биринде шайлоочу добуш берип жаткан кабинага белгисиз киши туруп алып байкоо жүргүзгөн. Ал шайлоочунун кайсы партияга добуш берип жатканына көз жүгүртүп турган.

Ошондой эле сүрөттө шайлоону көзөмөлдөр турган «Биримдик» партиясынын логосу бар кийимчен кишини көрүүгө болот.

Ушул эле шайлоо участогунан тартылган башка сүрөттө урнанын жанында шайлоо комиссиянын мүчөлсү туруп алганы байкалган.

ТЕМА БОЮНЧА:

LIVE: Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун жүрүшү