«Көбүрөөк добуш алмакпыз» — Искендер Матраимов шайлоонун жыйынтыгы тууралуу

«Биз айрым участоктордо алдын ала божомолубузга караганда көбүрөөк добуш алмакпыз. Алдын ала жыйынтык боюнча “Биримдик” партиясы менен тең баратабыз — айырма болгону ноль он пайыздык гана. Протоколдук жыйынтыктан кийин толук маалымат бере алабыз», — деген ал «Азаттыкка» курган маегинде.

Ал ошондой эле, шайлоо «өтө ыплам» өткөнүн кошумчалады.

«Өзгөчө Ош шаарында шайлоо өтө ыплас өттү. Ачык айтайын. Социалдык тармактарда шайлоодогу кандай гана бузуулар чыгып жатты. Башка аймактар тууралуу айта албайм, бирок Ошто өзгөчө ыплас өттү. Ким кылганын мен так айта албайм, анткени Ошто болгонум жок, бул жакта турам. Көзүм менен көргөн жокмун, бирок ыплас деп толук айта алам», — деди ал.

Алдын ала маалыматка ылайык, партия добуштардын 24% алган, бул ага парламентте 40 мандат берет.