Шайлоо-2020: Өлкөдө 236 921 шайлоочу добушун берди

Саат 10:30га карата 200 миңден ашык киши добуш берди. Бул шайлоочулардын дээрлик 7 пайызын түзөт.

Эң көп Ош менен Жалал-Абадда добуш беришти. Болжол менен эки облуста 49 миңден киши өз тандоосун жасады. Андан кийин Чүй облусу - 37 миң киши добуш берди. Бишкекте болсо 33 405 киши добуш берди.

3-октябрда шайлоого бара албай турган жарандар добуш беришкен, жалпысынан мындай жарандардын 29320 катталып, 24 475 добуш берген.

Авторы: Азиза Раимбердиева, Саадат Тологонова жана Алексей Журавлёв