Митингчилерди кубалап таратуу маалында милиционер менен жай жаран жаракат алды

Несколько тысяч человек вышли на митинг на площадь Ала Тоо из-за несогласия с итогами выборов.

Posted by Kloop on Monday, October 5, 2020

Бишкекте шайлоого нааразы болгон митингчилерди милиция кубалап тарата баштады. Аянтта чогулгандар укук коргоо органдарына көздөй таш ыргытышты. Ал эми күч органдары аларга жооп кайтарып, суу чачып, көздөн жаш агызуучу газды жана катуу үн чыгаруучу граната колдонду. Ошондой эле, алардын арасында таш ыргыткандар бар.

Учурда «Ала-Тоо» аянтында чогулгандарды күч органдары сүрүп чыгарды. Бирок митингчилер борбордук аянттын айланасындагы көчөлөргө тарап, милиция кызматкерлери менен тирешин улантууда.

«Ала-Тоо» аянтындагы журналисттер бул кагылышуудан бир милиция кызматкери жаракат алганын түз эфирден көрсөтүштү. Андан сырткары жай жаран да жаракат алып, ага тез жардам чакырылганын «Азаттыктын» журналисттери түз эфир маалында билдирди.

Кабарчыбыздын жеринен билдиришинче, митингчилер жерге төшөлгөн таман таштарды омуруп алып, «Ак үйдүн» короосун көздөй ыргытышкан. Ошондой эле, парламент имаратынын жанындагы жол чырактар дагы зыян тарткан.

Чогулгандарды таратуу үчүн көздөн жаш чыгаруучу газ колдонулгандыктан ал жакта жүргөндөр дем алуу оор болуп, көздөр ачышып жатканын айтышууда. Милиция аянттан качып башка көчөлөргө кирип кеткендерди таратуу аракеттерин улантууда.

Башкы сүрөт: «Спутник»