Аянтка чогулгандарды таратып жатканда Жанар Акаев жаракат алды

Видеодон алынган скриншот

«Ала-Тоо» аянтында чогулгандарды укук коргоо органдары кубалап таратып жатканда депутат, «Ата Мекен» партиясы менен шайлоого аттанган Жанар Акаев жаракат алды. Бул маалыматты «Азаттык» үналгысына анын жардамчылары тастыктады.

Социалдык тармактарда тараган видеодон Акаевди эки киши колтуктап келе жатканын жана анын бутуна бир нерсе тийгенин көрүүгө болот.

Анда сүйлөп жаткандар катуу үн чыгаруучу граната Жанар Акаевдин бутунун жанынан жарылганын айтты. Ошондой эле, Акаев оң санын кармап отургучта отурганы дагы тартылып калган.

Жанар Акаевдин бутуна ок жаңылды

Жанар Акаевдин бутуна ок жаңылды

Posted by Жалбырак ТВ - Сентябрь on Monday, October 5, 2020

Видеодон Акаев «Ата Мекендин» штабына келгенин жана анын жанында «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаев дагы жүргөнүн көрүүгө болот.

Укук коргоо органдары «Ала-Тоо» аянтында шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, анын жокко чыгарылышын талап кылып чогулгандарды кечинде күч менен кубалап таркатышты. Укук коргоо органдары катуу үн чыгаруучу гранатаны, жаштан көз агызуучу газды жана желим окторду колдонгону айтылууда.

Митингчилер милиционерлерге таш ыргытышкан. Алгач алар «Ак үйдү» көздөй барып, анын короосуна таш, бөтөлкө ыргытып, дарбазаны ачууга аракет кылышкан. Ошол эле маалда айрым митингчилер темир тосмодон ары ашып өтүп кетишкен. Бул маалда укук коргоо органдарынын өкүлдөрү чогулгандарды артка чегиндирүү үчүн көздөн жаш агызуучу газды жана катуу үн чыгаруучу гранатаны колдонушкан. Чогулгандар парламент имаратынан алыс качышкан. ОМОНдор чогулгандарды кубалап тараткан.

Укук коргоо органдары менен чогулгандардын кагылышуусунан кеминде бир милиционер менен эки жай жаран жаракат алды. Чогулгандар «Ала-Тоо» аянтынан сүрүп чыгарылгандан кийин Тез жардам кызматы келип эки жай тургунга биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.

Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, ага 16 партия ат салышкан. Бирок 7 пайыздык босодогон өтпөй калган партиялар шайлоо ыплас, добуш сатып алуулар менен коштолгонун айтып, анын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышууда.