Бир кадр менен: Ош шаары 3020 жылдыгын белгиледи

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Ош шаарынын борбордук аянтында 5-октябрда калаанын 3020-жылдыгы белгиленди.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Ош шаарынын күнүнө карата жылдагыдай масштабдуу иш-чаралар уюштурулган жок. Негизги майрамдык иш-чара борбордук аянтта орун алып, маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.

Ага мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Байыш Юсупов, коомдук-саясий ишмерлер, пандемияда кызмат кылган мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.

Ош — Кыргызстандагы эң чоң экинчи шаар. Аны экинчи борбор деп да атап келишет. Байыркы шаардын так ортосунда Сулайман-Тоо жайгашкан. Аталган тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине 2009-жылы киргизилген. Анын узундугу 3 километр, туурасы 1,5–2 чакырымга созулуп, бийиктиги 1176 метрди түзөт.