БШК: Шайлоонун жыйынтыгы ынанымдуу болуу үчүн бардык шарттар түзүлдү

«Автоматтык түрдө санаган урналардын (АСУ) ар биринен алдын ала жыйынтык тууралуу маалыматтар келип түшүүдө. Байкоочулар биздин таблицадагы маалымат менен АСУнун отчётун салыштырса дагы болот. Демек, өзүңүздөр көрүп тургандай, шайлоонун жыйынтыгы ынанымдуу болуу үчүн бардык шарттар каралган», ‒ деди БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова басма сөз жыйынында.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо Боршайкомго добуш берүүдөгү мыйзам буузуулар тууралуу көптөгөн арыздар келип түшкөн. Шайлдабекова, бул фактылар далилденсе, тиешелүү чара көрүлөт деп ишендирүүдө.

Байкоочулар бүткүл республика боюнча эреже бузууларды каттоого алышкан: адамдарды тобу менен ташып келүү, атайын белги коюлган беткаптар, бюллетенди сүрөткө тартып чыгуу, добуш сатып алуу ж.б. Бирок БШК расмий арыздар, социалдык тармак жана ЖМК көрсөткөнгө салыштырмалуу аз экенин айтышууда.

Саясатчы Кубанычбек Исабеков, автоматтык саноочу урналар бир жыл мурун жарактан чыкканын айтып, тиешелүү документтерди дагы көтөрүп чыкты. Ал БШКны Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярданууда шалаакы мамиле жасаган деп айыптады.

Бүгүн 5-октябрда Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместердин митинги өтүп жатат. Парламентке өтпөй калган бир катар партиялардын лидерлери добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай тургандарын жарыялап, легитимсиз дешүүдө.

Шайлоону «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» партиялары гана тааныды. «Биримдиктин» талапкери Төрөбай Зулпукаров, шайлоодо атаандаштык күч, шайлоочулар активдүү болгонун айтты. Ал эми «Мекеним Кыргызстандын» лидери Искендер Матраимов мындан да көп добуш алмакпыз дешти.