COVID-19: Бишкектеги мектептерди 6-октябрда ачууга уруксат берилген жок

Бишкектеги №13 мектеби

Бишкек шаарындагы 2-6 класстын окуучуларына мектепке барып окууга уруксат берилген жок. Бул тууралуу «24.kg» басылмасына Бишкектин санэпидемкөзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Кубан Кундашев билдирди.

«Илдеттин жайылышына байланыштуу биз уруксат бербей жатабыз. Калаада бир суткада коронавирустун 22-25 учурлары катталууда. Аймакатрдагы класстарда окуучулардын ортосунда аралыкты сактаса болот, ал эми борбордук мектептердин класстарында 40-45 мектеп окуучулары бар. Биз алдын алууну чечтик», — деп түшүндүрдү Кундашев.

Кундашев Бишкектин мектептери качан ачылат деген суроону жоопсуз калтырды. Учурда өлкө боюнча 1-класстын окуучулары мектептерде билим алууда. Калган класстар аралыктан окуп жатышат.

Ал эми коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова башка аймактарда 2-6 класстарды кадимки тартипте окутуу үчүн мекеме санитардык-гигиеналык талаптарды иштеп чыкканын билдирди.

«Мында, тийиштүү шарттарды уюштуруу мүмкүнчүлүгү жок болсо, оффлайн режимге физика-математикалык сабактарды гана өткөрүү сунушталат. Ал эми гуманитардык багыттагы сабактар аралыктан окутуу формасында улантылат», — деди Акматова.

5-октябрга карата өлкөдө коронавируту жуктуруп алгандардын саны 47 635ке жетти. COVID-19дун эң көп учуру Бишкекте катталган — 18 134.