«Досун саткан адам элин да сатат». Атабеков жана Болгонбаев митингге келди

В Бишкеке проходит митинг несогласных с итогами выборов. На площади Ала-Тоо собралось около 2 тысяч человек.

Posted by Kloop on Monday, October 5, 2020

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында шайлоону тааныбаган партиялар уюштурган митингге ырчы Мирбек Атабеков да келди. Атабеков катышуучулардын алдына чыгып сөз сүйлөп, «системага каршы» экенин билдирди.

«Мен бир нерсени айткым келет достор, мекендештер! Биз кыргыз эли...адамзатка болгон эң жаман сапат бул чыккынчылык! Досун саткан адам элин да сатат, жерин да сатат! Кечеги күнү пандемия убагында пик болуп жатканда бизди талаага таштап кеткен депутаттарды биз эч убакытта унутпайбыз! Бүгүнкү күндө адам адамды өлтүрсө да, акчасы болсо боштондукта жүрөт. Жоопкерчиликке тартылбай жүрүшөт! Менин энемди сабап кеткен кылмышкерлер кармалып, далилдер болгонуна [карабастан] коё берип жибергендерди мен кечирбеймин!» — деди Атабеков.

Үстүбүздөгү жылдын май айында Атабековдун апасы каракталган. Эки кылмышкер анын үйүнө түндө кирип 60 миң доллар жана кымбат баалуу буюмдарды алып чыккан. Ошондой эле Атабековдун апасы жана эжеси сабалганы кабарланган.

Сентябрдын башында шектүүлөрдүн бири колго түшкөн. Кылмышка тиешеси бар башка каракчылар учурда изделүүдө.

Атабековдон сырткары митингге төкмө акын Азамат Болгонбаев кошулду. Ал шайлоону жокко чыгаруу талабын колдой турганын билдирди. Андан кийин ыр ырдап, «кул кылчулар шайланды» деп сындады.

Буга чейин Эгемендик күнүндө төкмө акын Аалы Туткучев дал ушул жерде уюштурулган майрамдык иш-чарада мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго сот, бажы, медицина тармагындагы көйгөйлөрдү айтып ырдаган.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Алдын ала эсептөөлөр боюнча парламентке «бийликчил» делген «Биримдик», Матраимовдорго тиешеси бар «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары өткөн. Ошондой эле Жогорку Кеңешке «Мекенчил» өтүшү мүмкүн — партияга 7 пайыздык босогону кечүү үчүн 0,2% жетпей турат.

Шайлоонун жыйынтыгын азырынча алдыңкы эки орунду алган партиялар гана таанышты.