ИИМ митингчилердин арасында мас болуп жүргөндөр дагы бар экенин билдирди

Несколько тысяч человек вышли на митинг на площадь Ала Тоо из-за несогласия с итогами выборов.

Posted by Kloop on Monday, October 5, 2020

Ички иштер министрлиги Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтында шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондорду тарап кетүүгө чакырды. Учурда ал жерде миңдеген адам чогулуп турат.

«Акцияга катышуучулардын арасында спирт ичимдиктерин ичип алып жүргөндөр, коомдук тартипти бузууга аракет кылгандар бар», — деп жазылат ИИМдин билдирүүсүндө

ИИМ митинг учурунда жарандардын ден соолугуна коркунуч жаралса же дагы башка жагымсыз окуялар болуп кетсе, ага жоопкерчиликти митингдин уюштуруучулары аларын эскертти. Митингди парламенттик шайлоодо 7%дык босогодон өтпөй калган партиялардын лидерлери уюштурган.

Ошондой эле, алардын арасында «Бүтүн Кыргызстан» жана «Мекенчил» да бар — аталган партиялар парламентке өтүүсүнө мүмкүнчүлүк бар, анткен менен алар шайлоо «таза эмес» өткөнүн ырастады.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча (саат 16:00гө карата) бюллетендердин 70 пайызы колго саналгандан кийин 7 пайыздык босогодон беш партия өттү. Алар: «Биримдик» — 26,38%, «Мекеним Кыргызстан» — 24,94%, «Кыргызстан» — 9,10%, «Бүтүн Кыргызстан» — 7,73%, «Мекенчил» — 7,37%.

Мыйзам боюнча шайлоонун расмий жыйынтыгы шайлоо өткөндөн кийин 20 күндүн ичинде чыгат.

Жогорку Кеңешке болгон шайлоого 16 партия катышты. Парламент депутаттары беш жылда бир жолу шайланат.

Башкы сүрөт: «Акипресс»