Таласта жана Нарында шайлоонун жыйынтыгына нааразылар митингге чыгышты

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон бир катар партиялардын өкүлдөрү К.Медетбеков атындагы Талас шаардык музыкалык драма театрынын алдына чыгышты. Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган ушундай эле акциялар Бишкекте жана Нарында өтүүдө.

Буга чейин облустук администрация «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика», «Чоң Казат», «Ыйман Нуру», «Реформа» жана «Социал-демократтар” партияларына шаар башкармалыгынын алдына топтолууга тыюу салып, электр жарыгын өчүрүп коюшкан эле.

Ушул тапта 300-400дөй адам чогулду. «Азаттык» Таластан түз алып көрсөтүүдө. Анда жергиликтүү тургун, парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын, ошол себептүү митингге чыкканын айткан .

«Байлардын гана партиялары утуп чыкты. Айласы жоктугунан “Бүтүн Кыргызстанды” кошуп алышты, калгандарын жолоткусу келбейт», — дейт ал.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча, Таласта фаворит деп «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» айтылууда, алар 21,72% жана 19,21% добушка ээ болушкан. Ал эми таластыктар ар качан колдоп келген «Республика» саясий партиясы 19,15%га ээ болду.

Мындан сырткары, Sputnik.kg кабарлагандай, Нарын облусунун эли дагы нааразычылык жүрүшкө чыгышты. Маалыматка ылайык, жүзгө чукул киши жана партия өкүлдөрү шайлоонун жыйынтыгын тааныбастыгын билдиришүүдө.

Парламенттик шайлоо 4-октябрда болуп өттү. Дээрлик бардык партиялар жыйынтык менен макул эместигин айтышууда.