Видео: Сузакта шайлоодон кийин чыккан жаңжал иликтенип жатат

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Шерзодбек Умарбеков

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 4-октябрда саат 20:00ден кийин жаңжал чыкты. «Турмуш» басылмасы жарыялаган видеотасмадан элүүгө жакын тургунду жана онго жакын милиционерди көрүүгө болот.

Соцтармактарга тараган тасмадан «эмне жолду тосуп туруп аласыңар [...]», «… курал менен келип», «коё бер[...]» «Шерзад [...]» деген кыйкырыктар угулат.

Мындан сырткары белгисиз эки тургун жакалашканы калганда, аларды милиция кызматкерлери ажыратып калган. Алардын бири кийинчерээк видеого «үчүнчү күчтөр» укук коргоо органдарын пайдалангысы келди деген пикирин айткан.

«Мен тактаган маалымат боюнча, "үчүнчү күчтөр" мушташ болуп жатат деп РИИБге туура эмес маалымат берип койгон. Кийин РИИБи ал жерге келгенде мушташ жок эле шайлоонун жыйынтыгы боюнча тууган-урук топтолуп куттуктоолор болуп аткан», — деп билдирген ал.

«Турмуш» басылмасы аталган киши «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер Шерзодбек Умарбеков болгон деп жазды. Умарбеков «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинде №58 орунда.

Ошондой эле Сузак районунун тургуну Азиз Абдужаминов да мушташ болгондугун төгүндөп, милицияга кабар бергендер туура эмес маалымат жеткирген деген.

«Бул окуяны биз да, талапкерибиз да [Шерзодбек Умарбеков — ред.] түшүнбөй калдык. Шайлоонун бүтүшүнө аз калганда биз участокко Шерзадды куттуктаганы келгенбиз. Эл чогулуп аны куттуктап турган убакта кимдир бирөө милицияга мушташ болуп жатат деп кабар бериптир. Окуя 20:30дан 21:30дар аралыгында болуп кетти. Түшүнбөстүктөрдүн айынан милиция эки балабызды алып кетип калды», — деген Абдужаминов.

Ал эми «Азаттык» басылмасы жаңжалда кармалган эки киши кайра бошотулганын маалымдады.

Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы окуя иликтенип жаткандыгын билдирип, кошумча маалымат бере тургандыгын убадалады.

4-октябрда шайлоого катышкан 16 партиянын ичинен төртөө парламентке өткөн.

«Биримдик» — 24,5%

«Мекеним Кыргызстан» — 23,88%

«Кыргызстан» — 8,76%

«Бүтүн Кыргызстан» — 7,13%.

Добуш берүүнүн жыйынтыгына көпчүлүк партиялар нааразычылыгын билдиришүүдө. Бийликчил «Биримдик» партиясы шайлоонун жыйынтыгы менен канааттангандыгын айтса, алардан кем калышпаган «Мекеним Кыргызстан» мындан көбүрөөк добуш алмакпыз дешүүдө.

Бул партияны тасирдүү делген Матраимовдордун кланы менен байланыштырышат. Аталган партия менен 6-чакырылыштын депутаты Искендер Матраимов кайрадан шайлоого аттанган.