Бишкекте бейтааныш кишилер «Клооптун» журналисттеринин ишине тоскоолдук кылышты

Бишкектеги парламент имаратынын короосунда түз эфирге чыгып жаткан «Клооптун» журналисттерине ал жерде турган бир нече киши жолтоо болуп, «камераңды тартып алабыз» деп коркутушту.

Алар өз ишин жасап жаткан журналисттерге басым кылып, алгач күч колдоно турганын айтышты.

«Бул жерди тартпагыла. Силер ызы-чуу кылып жатасыңар», — деп топтолгон жигиттер кабарчыларга атырылышты.

Ошол эле маалда ал жерде турган башка кишилер келип журналисттерге болушуп, алардын ишмердигине тоскоолдук кылбоо керектигин айтышты.

«Бул жакта болуп жаткандарды айылдардан көрбөй жатышат. Эй, балдар, журналисттерге тийбегиле, өз ишин жасашсын», — деп жинденген кишилерди жоошутууга аракет жасашты.

Кабарчыбыздын жеринен кабарлашынча, учурда «Ак үйдүн» имаратынын алдында эл топтошуп турат. Алар лидерлердин эл алдына чыгып, эмне болуп жатканын түшүндүрүп берүү талап кылышууда. Ошондой эле, кайсы лидер кайсы кызматты аркалап жатканын ачык айтууну суранышууда.

6-октябрь, Бишкектеги парламент имаратынын жанынан түз алып берүү.

Posted by Kloop кыргызча on Monday, October 5, 2020

Андан сырткары ыктыярчылар имараттын алды тазалап жатышат. Алар колдоруна желим баштыктарды көтөрүп, таштандыларды чогултууда.

Ошол эле маалда, кабарчыбыз элди баштап, алардын алдына чыгып сүйлөгөн бир дагы лидер жок экенин айтты. Чогулгандарга Садыр Жапаров келгенин кабарчыбыз жеринен кабарлады.

Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында укук коргоо органдары менен шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан бир нече миң демонстранттардын ортосунда кагылышуу болду. Анын натыйжасында 6-октябрь күнү таңкы саат үчтөр чамасында митингчилер «Ак үй» менен УКМКнын имаратына кирип барышты. Андан сырткары Бишкек мэриясынын дагы имараты митингчилер тарабынан алынган

Шайлоонун жыйынтыгынан чыккан наразычылык митинги

Бишкектин Ала-Тоо аянтында 5-октябрда саат 11:00 чамасында шайлоодон өтпөй калган оппозициялык партиялардын мөөнөтсүз тынчтык митингги башталган. Алар шайлоону легитимсиз деп атап, көптөгөн мыйзам бузуулар болгонун белгилешет — добуш сатып алуу, админресурс колдонуу, шайлоочуларга басым кылуу.

Митингдин катышуучулары шайлоону тааныбай турушканын билдирип, шайлоону кайрадан өткөрүүнү талап кылышкан — «Ата Мекен», «Бир Бол», «Чоң Казат», «Мекен Ынтымагы», «Социал демократтар», «Ордо», «Республика», «Мекенчил», «Бүтүн Кыргызстан», «Реформа».

Нааразычылык акциялары Нарын шаарында жана Талас шаарында да өткөн.