Бишкектин мэри Азиз Суракматов отставкага кетти

Бишкек шаарынын башчысы Азиз Суракматов 6-октябрда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу анын кеңешчиси Гуля Алмамбетова фейсбук баракчасында билдирди. 

Мэриянын имаратын митингчилер ээлеп алышып, Суракматовдун иш бөлмөсүнө чейин кирип барышкан. Ал эми борбор калааны «Республика» партиясынын талапкери Жоошбек Коеналиев убактылуу жетектеп жатканы кабарланды. Бирок аны расмий түрдө эч ким дайындаган эмес, журналисттердин суроосуна  кызматка «элдин атынан» деп кыска комментарий берген.

Суракматов аталган кызматка 2018-жылы августта дайындалган болчу.

Ала-Тоо аянтында 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган партиялардын мүчөлөрү жана тарапташтары мөөнөтсүз митинг башташкан. 6-октябрга караган түнү, таң атаарда демонстранттар Ак үйдү басып алышты.

Андан кийин УКМКнын имараты да митингчилер тарабынан колго алынып, мекеменин тергөө абагынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тарапташтары бошотушту.

Андан кийин саясатчы Садыр Жапаров, экс-премьер Сапар Исаков жана башка саясатчылар абактан эркиндикке чыкты.

Учурда Бишкек, Ош шаардарында жана өлкөнүн айрым аймактарында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбоо боюнча митингдер өтүп жатат.

Сегиз партия тарабынан Координациялык кеңеш түзүлүп, учурда жыйын өтүүдө. Ал арада БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин кабыл алганы айтылды.

Ал арада өкмөттүн Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Ош облусундагы өкүлдөрү кызматтарын тапшырышты. Ошондой эле өлкөнүн айрым райондорунун акимдери да кызматтарын тапшырышты.