Депутат Мирлан Бакиров: «Райымбек Матраимовдун кайда экенин билбейм»

Мирлан Бакиров

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери, депутат Мирлан Бакиров бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун кайда жүргөнүн билбей турганын айтты.

Такталбаган маалыматтар боюнча Матраимов 5-октябрдын кечинде Түркияга учуп кеткен.

Бакиров журналисттердин суроолоруна спикер Дастан Жумабеков «Достук» мейманканасына чакырган чукул жыйынга келген учурда жооп берди. Ал нааразычылыкка чыккан элдин пикирине кошуларын айтты жана жыйынга депутат катары келгенин кошумчалады.

Шайлоо боюнча. Мен аймактарды кыдыруу менен алек болдум, жер-жерлердеги конкреттүү шайлоо участкаларына барган жокмун. УШКлардын актыларынан улам шайлоо эрежелерин бузуу болгонун айтса болот. Кээ бир жерде басым нааразычылыктар болгонун көрдүк.

Бүгүнкү жыйын элдин нааразычылыгынан улам болуп жатат. БШКнын шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча корутундусу менен макулмун. Кезексиз жыйынды чогултуу үчүн депутаттардын 3/1и болуш керек, башкача айтканда 40 депутат. Анан кезексиз жыйынды бир гана төрага же президент чогулта алат. Азыр кезексиз жыйынга чогулуу үчүн кол топтоо болуп жатат. Мен колумду коюп бердим. Күн тратибинде кандай темалар бар экенин билбейм.

Райымбек Матраимовдор кайда? Чындыгында Райымбек Матрамиов кайда экени боюнча маалыматым жок. Ал биздин партияда жок. Анын агасы Искендер Матраимов биздин партиянын катарында. Ал киши менен да байланышкан жокмун, кайда экенин билбейм. Анан калса азыр байланыш дагы начар болуп жатат.

Райымбек Матраимовду камоо боюнча. Далилдер болсо аны укук коргоо органдары иликтеп, сот акыркы чекитти коюшу керек.

Президентке импичмент жарыялоо тууралуу. Президентке импичмент жарыялоо үчүн алгач депутаттык комиссия түзүлүшү керек. Алар аныктап карап чыккандан кийин ошол маалыматка карап пикиримди айтам.

Оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаровду премьерликке көрсөтүү боюнча. Эгер парламент жаңы өкмөттүн курамын бекитип, Садыр Жапаровдун талапкерлигин өкмөт башчылыкка койсо колдойм.

Элдик толкундоолордун себеби. Элдик толкундоолор участкалык шайлоо комиссияларындагы мыйзам бузуулардын айынан чыкты.

Атамбаевдин абактан чыгышы тууралуу. Алмазбек Атамбаевдин абактан чыгышы кырдаалга жараша саясий чечим болду. Укук талаасына кайткандан кийин, тергөө органдары кайсы жерден катачылык кетип, жаңы жагдайлар каралбай калган болсо аны ачык айкын кылып карап, сот чекит коюшу керек. Себеби, Атамбаев боюнча Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиянын жана эсеп палатасынын корутундусу бар. Укуктук жагын сот чечиш керек, ошолор чекит коёт.

«Мекеним Кыргызстандын» кайра шайлоого катыша турганы боюнча. Партия коомдук уюм, аны мен чечпейм. Анын мүчөлөрү кандай кабыл алат ошондон көз каранды, азыр белгисиз.