«Матраимовдордон кутулганыбызга кубанып турабыз». Кара-Суунун жаңы акими маек берди

Кара-Суу районунун акиминин милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалган Руслан Маматов

Ош облусунун Кара-Суу районунун акиминин милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалган Руслан Маматов жергиликтүү ЖМКларга интервью берди.

Анда ал 6-октябрда аталган райондо шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон тургундар менен бирге администрациянын алдына чогулгандыгын айткан. Ошондой эле, ал мурунку аким Тилек Матраимовдун тарапташтары менен тирешип, алар чогулгандарды имаратка киргизбей бир топ убакыт кармап тургандыгын белгилеген.

Мындан сырткары ал журналисттердин «жогору жактан басып алуу тууралуу көрсөтмө келди беле?» деген суроосуна, жаштар өз эрки менен чогулгандыгын айтып жана аларга каршылык көрсөткөн Матраимовдордун тарапташтары, ага-инилери кийин кетип калышканын билдирген.

«Канча жылдан бери Матраимовдордун кланынын басымын көрүп келе жатабыз, Кара-Сууну эки буту менен минип алган Матраимовдордон кутулганыбызга кубанып турабыз. Учурда Матраимовдор каякта экенин билбейм, өкүл балдарына, кланына чалып, чакырып атабыз келгиле мыйзам жолунда кайра иштешели деп, бирок келгени келди, келбегендери дагы эле жок», — деген Маматов.

Ошондой эле, Маматов Кара-Суу районунун мурунку акими Тилек Матраимов менен телефон аркылуу байланышуу аракетинен майнап чыкпаганын кошумчалаган. Ал эми мурунку бажы кызматкери, Кыргызстандагы коррупциялык схемалардын фигуранты Райымбек Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидинов учурда Өзбекстанга чыгып кеткенин белгилеген.

«Элдин алдында айтып коёюн мындан кийин Матраимовдордун өкүл балдарына, кудаларына, тууган-уругуна бул жакта орун жок, мурункудай иштерге жол берилбейт эми», — деп билдирди Маматов.

33 жаштагы Руслан Маматов учурда жеке ишкерлик менен алектенип жүргөнүн айткан. Ал буга чейин Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинде беш жыл депутат болгонун белгилеген.

Эл тарабынан Кара-Суу районунун акими болуп жарыяланган жаран, интервью

Posted by Beksultan Mamytov on Tuesday, October 6, 2020

Кыргызстанда таасирдүү делген Матраимовдордун үй-бүлөсү Кара-Суу районунан болот. Матраимовдордун арасынан эң эле белгилүүсү бул — бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов. Ал эми Кара-Суу районун ага-ини Матраимовдордун бири Тилек башкарып келген. Матраимов аталган кызматка 2012-жылы дайындалган. Тилек Матраимов ден соолугуна байланыштуу бир айлык эмгек өргүүсүнө 24-сентябрда чыккан.

Буга чейин «Клооптун» редакциясына Кара-Суу районунун тургундары 6-октябрда администрациянын алдына чогулуп жатышат деген маалымат келип түшкөн. Андан көп өтпөй «24.kg» басылмасы аким Тилек Матраимовдун иш бөлмөсүнө кирип барган тургундар башка бир кишини аким кылып шайлап, ага бата берип жатканы тартылган видеону ютубга жүктөгөн.