«Мекеним Кыргызстан» жана Искендер Матраимовдун фейсбуктагы баракчалары өчүрүлдү

Депутат Искендер Матраимовдун жана анын үй-бүлөсүнө тиешелүү делген «Мекеним Кыргызстан» партиясынын расмий баракчаларын 6-октябрда фейсбуктан табууга мүмкүн болбой калды. Алар баракчаларды өздөрү өчүрүп салган болушу ыктымал.

Мындан тышкары аталган партиядан талапкер, журналист Элнура Алканованын да расмий баракчасы жеткиликсиз болуп калды. Алканова мындан тышкары фейсбуктагы аккаунтунан партияга тиешелүү сүрөттөрүн да өчүрдү.

Ал эми «Мекеним Кыргызстандын» дагы бир талапкери жана Матраимовдордун адвокаты Канатбек Азиз да фейсбуктагы баракчасына жеткиликти жапты.

Буга чейин аталган партия шайлоодо эң көп добуш алгандардын бири болгон — шайлоо күнү соцтармактарда партиянын үгүтчүлөрү тарабынан ар кандай мыйзам бузуу фактылары орун алган.

Оппозициячыл партиянын мүчөлөрү шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып 5-октябрда Бишкек шаарынын борбордук аянтында митинг өткөрүп, кийинчерээк укук коргоо органдары менен тирешүүдөн соң Ак үйдү, УКМКны жана Башкы прокуратуранын имаратын басып алышты.

Ошондой эле митингдер өлкөнүн башка аймактарында 6-октябрда уланып, бир катар мамкызматкерлер жана облустун губернаторлору кызматтарын тапшырышты.

Ал эми Кара-Суунун тургундары акимияттын имаратына кирип барып, Искендер Матраимовдун бир тууган иниси, аким Тилек Матраимовдун ордуна «башка аким» шайлашты.

Депутат Алмамбет Шыкмаматов Башкы прокуратурага ага-ини Матраимовдордун эң эле таанымалы — Райымбек Матраимовду жана анын коорупциялык аракеттерин ишке ашырган бир туугандарын камоону сунуштады.

«Мекеним Кыргызстан» шайлоо тууралуу пикирин билдирген жок. Ал эми шайлоонуну алдын ала жыйынтыгы боюнча биринчиликти алган бийликчил «Биримдик» партиясы шайлоону кайра өткөрүүгө макул экенин кабарлады.