Мыктыбек Абдылдаев ЖК төрагасы болуп, Садыр Жапаров премьерликке жактырылды

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков отставкага кеткени тууралу парламенттин Бишкектеги «Достук» мейманканасында өткөн кезексиз жыйын учурунда белгилүү болду.

Жыйынга чогулган ЖК депутаттары аны карап, кабыл алышты. Маалыматтарга ылайык, чукул жыйынга 35ке жакын депутат катышты. Бир катар депутаттар ишеним каттын негизинде добуш беришкен. Дастан Жумабеков 6-чакырылыштын төрагасы болуп 2017-жылдын 27-октябрында шайланган болчу.

Кезексиз жыйынга чогулган эл өкүлдөрү жаңы спикер катары «Бир Бол» фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаевди шайлады. Анын талапкерлиги үчүн 67 депутат добуш берген.

Абдылдаев парламенттеги көпчүлүк коалиция премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлигин жактырганын билдирди. Эми ал Жогорку Кеңешке өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын тааныштырышы керек.

Ошондой эле жаңы төрага Садыр Жапаровдун соттуулугу алынганын кабарлады.

Жогорку сот соттолгон Садыр Жапаровдун жактоочусу Базарбековдун кайтадан ачылган жагайлар боюнча жазык ишти жаңыртып берүү жөнүндөгү өтүнүчүн канааттандарды. Жазык иш сотко чейинки өндүрүш үчүн КР Башкы прокуратурасына жиберилет. Ал эми Соттолгон Жапаров камактан токтоосуз бошотулду. Жогорку соттун токтому акыркы жана даттанууга жатпайт.

Ал ортодо учурдагы премьер-министр Кубатбек Боронов отставкага кетти.

5-октябрда Бишкекте массалык митингдер өтүп, анын жыйынтыгында 6-октябрда түндө «Ак үй» алынды. Андан кийин митингчилер УКМКнын имаратын басып алышкан. 6-октябрда эртең менен айрым партиялардын өкүлдөрү бир катар мамлекеттик мекемелерди басып алып, өздөрүн жаңы жетекчи деп атай башташты. Ушул эле күнү БШК 4-октябрда болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. 13 партия биригип Координациялык кеңеш түзүштү. Алар эл ишенимине ээ болгон элдик өкмөттү курууну пландап жатат.