Ош эл аралык аэропортунуда иштеген кызматкерлердин бири «Клоопко» аэропортто 6-октябрда чыр чыкканын кабарлады. Анын айтымында экс-мэр Мелис Мырзакматовду тосуп алууга барган кишилер аэропорт жетекчиси Талантбек Ысаковго кол салышкан.
Бул маалыматты «Манас» аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова «Клоопко» тастыктады.
«Биз эл мененбиз, ишибизди штаттык режимде улантып жатабыз. Бул стратегиялык объект. Мырзакматовдун тарапташтары Ысаков менен сүйлөшүп талаптарын айтып жаткан учурда уруп жиберишти. Күтүүсүз болгондуктан катуу жарадар болгон окшойт эс-учун жоготконго чейин барды», — деди
Учурда мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун Ошко Стамбулдан учуп келээри айтылып, анын тарапташтары экс-мэрди тосуп алуу үчүн аэропорттун алдында турушат.
Учурда Ош, Бишкек шаарларында нааразычылык акциялар уланууда.
Ал арада өкмөттүн Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Ош облусундагы өкүлдөрү кызматтарын тапшырышып, Бишкек шаарынын мэри отставкага кетти. Ал эми Ош шаардык кеңешинин депутаттары шаар мэри Таалайбек Сарыбашовду кызматтан алууну сунушташты.
Бирок Сарыбашов кызматтан кетүү тууралуу арыз жаза элек. Ушул тапта ал өз иш бөлмөсүндө. Аны менен депутат Дүйшөн Төрөкулов сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Ошондой эле өлкөнүн айрым райондорунун акимдери да кызматтарын тапшырышып, ал эми эң маанилүү делген район Кара-Суунун акимин эл өзү алмаштырды.