«Олигархтарды жоопко тартабыз». Садыр Жапаров «Ак үйдө» чогулгандарга кайрылды

Экс-депутат Садыр Жапаров митингчилер менен Жогорку Кеңештин жыйындар залында жолукту. Митингчилердин бири Жапаровго «олигархтарды жоопко тартуу» тууралуу суроо узатты.

«Олигархтарды жоопко тартылышы боюнча: жердин жети түбүнө кирип кетсе дагы табабыз, алып келебиз! Мамлекеттин күчү жетет. Болгону эрк керек, “дух” болушу керек», — деди Жапаров.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында 5-октябда чогулушкан. Ал эми 6-октябрга караган түнү митингчилер экс-депутат Садыр Жапаровду №27 колониясынан чыгарышкан.

Садыр Жапаров алгач аянтта чогулгандарга чыгып, аларды тарап кетүүгө чакырган. Бирок алар митингден кетүүдөн баш тартышкан.

*УКМК Садыр Жапаровду 2017-жылдын 25-мартында чет өлкөдөн келген учурда кармап, камакка алган. Ал учурда президент Алмазбек Атамбаев болгон. 2018-жылы сот Жапаровду Каракол шаарында жана 2013-жылы Саруу айылында «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу үчүн митингди каржылоого күнөөлүү деп табып, 11,5 жылга эркинен ажыраткан. Кийинчерээк Жогорку сот бул мөөнөттү бир жарым жылга кыскарткан.

Жапаровдон сырткары абактан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-премьер Сапар Исаков жана экс-депутат Равшан Жээнбеков чыгарылышкан. Андан сырткары Кой-Таш окуясы боюнча да соттолуп жаткандар — Каныбек Сагынбаев, Фарид Ниязов дагы абактан чыгарылды.