Ош шаардык кеңешинин депутаттары мэрди кызматтан алууну сунушташты

Таалайбек Сарыбашов

6-октябрда түшкө жакын Ош шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы болуп өттү. Анда депутаттар мэр Таалайбек Сарыбашовду кызматтан алуу маселесин карашты.

Шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормоновдун айтымында, 45 депутаттын 31и жыйынга келген. Добуш берүү анонимдүү өтүп, депутаттардын бардыгы Сарыбашовду кызматтан кетирүүнү колдошту. Эми депутаттар чыгарган токтомду өкмөткө жиберишет.

Ош шаарында таң эрте «Биримдик» партиясынын тарапташтары жана президенттин саясатын колдогондор чогулушкан. Алардын алдына президенттин иниси Асылбек Жээнбеков чыгып сөз сүйлөп, аянттан кеткен. Кийинчерээк борбордук аянтка шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор чогулуп, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып жатышат.

Болжол менен мэриянын имаратынын жанында бир нече миң киши чогулуп, нааразычылыктарын айтып турушат.

Сарыбашов бир нече спорттук дене түзүлүшүндөгү балдардын коштоосунда микрофонду колуна алып митингчилердин алдына чыкты. Топтолгондордун айрымдары мэрдин сахнага чыгып элге кайрылуусуна каршылык көрсөтүүгө аракет кылышты, ал эми мэр элди ынтымакка чакырды.

«Баары мыйзамдын чегинде болушу керек, мага Ош шаары жана мамлекеттин кызыкчылыгы керек. Ансыз да канча жылдап Орусияда жүрүп келдик. Ушул жерде агаларым, инилерим турасыздар, баарын мыйзам чегинде чечели. Мен эч жакка кетпейм, мен Ош шаарындамын», — деп кайрылды Сарыбашов.

Көп өтпөй Сарыбашовду аны курчаган кишилер мэриянын имаратына коштоп барып киргизип коюшту.

Чогулгандардын арасында «Мэр кетсин!» деп кыйкыргандар да болду. Ал эми митингчилердин кээ бири Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовду бийликке кайтарууну талап кылышууда.