Ош: Жээнбековдун тарапташтары борбордук аянтта чогула башташты

Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу

Ош шаарында Сооронбай Жээнбековдун тарапташтаы митингге чыга башташты. Борбордук аянтка президентти колдогон 100дөн ашуун киши чогулду.

«Азаттык» үналгысынын кабарчылары митингди «Биримдик» партиясынан парламенттик шайлоодо талапкер болгон Бекмурза Эргешов алып барып жатканын билдиришти. Чогулгандар Жээнбековдун тушунда «жашоо жакшы болгонун жана аны сактап калуу керек» деген пикирде.

Ушул эле аянтта парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нараазы болгон партиялар митинг өткөрүүнү пландап жатышат. «Реформа» партиясынын өкүлү Мирбек Маматкасымов тургундары элдик бийлик орнотуу үчүн чогулууга чакырган.

«Ошто демократияны колдогондор аянтта байрактын астына чогулгула! "Биримдик" өткөрүп жаткан антимитингге кошулбагыла!» — деп жазды ал.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында 5-октябрда саат 11:00 чамасында шайлоодон өтпөй калган оппозициялык партиялардын жана шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган тургундардын мөөнөтсүз тынчтык митингги башталган. Алар шайлоону легитимсиз деп атап, көптөгөн мыйзам бузуулар болгонун белгилешкен.

Кийинчерээк митинг баш аламандыкка айланып, укук коргоо органдары тургундары аянттан кууп баштаган. Алар Ак үй тарапка бет алышып, укук оргоо органдары менен тирешүүлөрдөн соң Ак үйдү, андан соң УКМКны басып алышты.

Ошондой эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагынан жана экс-депутат Садыр Жапаров, мурдагы премьер Сапар Исаков абактан бошотулду.

Митингчилер Ак үйдү жана УКМКнын имаратын басып алышты