Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды

Өмүрбек Суваналиев / Алмамбет Шыкмаматов

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкери, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Өмүрбек Суваналиев акыркы кырдаалга байланыштуу өлкөнүн коопсуздук тармагын тейлеп жатканын «Азаттыкка» билдирди.

«Учурда президенттин кайда экени боюнча маалыматым жок. Бирок Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары катары легитимдүү түрдө учурда аталган органды тейлеп жатам. Өлкөнүн коопсуздугу, коргоо тармагын координация кылып жатам. Мелис Турганбаев Жаза аткаруу кызматынын төрагасы катары өз кызматына кайтып барып, иштеп жатат», — деди Суваналиев.

Ошондой эле Суваналиев ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкери Курсан Асановду Бишкектин коменданты кылып дайындады.

Ал эми мурдагы Юстиция министри, «Бир Бол» партиясынын талапкери Алмамбет Шыкмаматов Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Шыкмаматов парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылганын билдирди.

Мындан сырткары ал парламенттик шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча иш ачыларын жана мурдагы бажычы, журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты Райымбек Матраимовго карата да кылымыш иши козголоорун белгилеген.