Сооронбай Жээнбеков шайлоого катышкан 16 партиянын лидерлери менен жолугат

Президент Сооронбай Жээнбеков 6-октябрда парламенттик шайлоого катышкан 16 партиянын лидерлери менен жолугат. Мындай чечим Бишкекте шайлоонун жыйынтыгын тааныбоо тууралуу өткөн масштабдуу нааразычылык акциясынан кийин кабыл алынды.

Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жолугушуу саат 11:00гө пландалган. 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого төмөнкү партиялар катышкан:

1. «Биримдик», лидери Марат Аманкулов,

2. «Мекенчил», лидери Камчыбек Ташиев

3. «Ыйман Нуру», Нуржигит Кадырбеков

4. «Мекеним Кыргызстан», лидери Мирлан Бакиров.

5. «Реформа», лидери Клара Сооронкулова

6. «Ата Мекен», лидери Жанар Акаев

7. «Замандаш», лидери Жеңиш Молдокматов

8. «Бүтүн Кыргызстан», лидери Адахан Мадумаров

9. «Социал-Демократтар», Сеид Атамбаев

10. «Мекен Ынтымагы», лидери Темирбек Асанбеков

11. «Ооган согушунун ардагерлери», лидери Акбөкөн Таштанбеков

12. «Ордо», лидери Мирбек Мияров

13. «Бир Бол», лидери Алтынбек Сулайманов

14. «Республика», лидери Мирлан Жээнчороев

15. «Кыргызстан», лидери Канат Исаев

16. «Чоң Казат», лидери Максат Мамытканов.

Учурда Бишкек шаарында коомдук тартип орнотуу максатында милиция кызматы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөдө. Милиция борбордук аянтка жакын жердеги аймактан тарай элек акциянын катышуучуларын үйлөрүнө тарап кетүүгө чакырууда.

Аянтта киши дээрлик жокко эсе, бирок борбордук көчөлөрдө укук коргоо органдары менен митингдин катышуучуларынын арасында кагылышуу дале уланууда. Спецназ митингчилерди көздөй ок чыгарып жатканы да кабарланды.

Ал арада Ысык-Көлүн Каракол шаарында тынчтык митинги өтүп жатат. Ошондой эле Нарын облусунун Кочкор районунда да тургундар чогулуп жатканы тартылган тасма тараган.

Шайлоонун жыйынтыгынан чыккан наразычылык митинги

Бишкектин Ала-Тоо аянтында 5-октябрда саат 11:00 чамасында шайлоодон өтпөй калган оппозициялык партиялардын мөөнөтсүз тынчтык митингги башталган. Алар шайлоону легитимсиз деп атап, көптөгөн мыйзам бузуулар болгонун белгилешет — добуш сатып алуу, админресурс колдонуу, шайлоочуларга басым кылуу.

Митингдин катышуучулары шайлоону тааныбай турушканын билдирип, шайлоону кайрадан өткөрүүнү талап кылышкан — «Ата Мекен», «Бир Бол», «Чоң Казат», «Мекен Ынтымагы», «Социал демократтар», «Ордо», «Республика», «Мекенчил», «Бүтүн Кыргызстан», «Реформа».

Нааразычылык акциялары Нарын шаарында жана Талас шаарында да өткөн.

Аянттагы тирешүү

Укук коргоо органдары «Ала-Тоо» аянтында шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, анын жокко чыгарылышын талап кылып чогулган бир нече миң кишини кечинде күч менен кубалап таркатышты.

Алгач акциянын катышуучуларына бийлик өкүлдөрүнөн талаптарына байланыштуу эч кандай жооп болгон эмес. Андан соң алар Ак үйдү көздөй барып, анын короосуна таш, бөтөлкө ыргытып, дарбазаны ачууга аракет кылышкан. Ошол эле маалда айрым митингчилер темир тосмодон ары ашып өтүп кетишкен. Бул маалда укук коргоо органдарынын өкүлдөрү чогулгандарды артка чегиндирүү үчүн көздөн жаш агызуучу газды жана катуу үн чыгаруучу гранатаны, желим окторду колдонушкан. Чогулгандар парламент имаратынан алыс качышкан. ОМОНдор чогулгандарды кубалап тараткан.

Укук коргоо органдары менен чогулгандардын кагылышуусунан жок эле дегенде 16 киши жарадар болгону кабарланды. Алардын арасында депутат, «Ата Мекен» партиясынын лидери Жанар Акаев жана талапкери Элдар Абакиров бар.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы «Ала-Тоо» аянтындагы митингдин катышуучуларын таратуу үчүн газ жана үн чыгаруучу атайын каражаттар, суу бүрккөн автонуулар колдонулганын тастыктады.

Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, ага 16 партия ат салышкан. Алдын ала жыйынтык боюнча «Биримдик» — 24,5%, «Мекеним Кыргызстан» — 23,88%, «Кыргызстан» — 8,76%, «Бүтүн Кыргызстан» — 7,13% шайлоочулардын добушун алды.

Бийликчил «Биримдик» партиясы шайлоонун жыйынтыгы менен канааттангандыгын айтса, Матраимов кланына байланышы бар «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидерлеринин бири Искендер Матраимов мындан көбүрөөк добуш алмакпыз деп билдирген.