«Баягы эле ит кейпибиз...». Садык Шер-Нияз саясатчыларга кайрылды

Садык Шер-Нияз

«Ата Мекен» партиясынын депутаты, коомдук ишмер жана кинорежиссёр Садык Шер-Нияз фейсбук баракчасы аркылуу 6-сентябрда бир нече саясатчыларга видео кайрылуу жасады. Тасманы фейсбук баракчасына «баягы эле ит кейпибиз» деген сөз менен бөлүштү. Анда 5-октябрдагы митингден кийинки жаңы дайындоолор эки-үч киши тарабынан гана чечилип жатканын айтып, сынга алды.

Анда ал «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовду, «Чоң казат» партиясынын талапкери Сыймык Жапыкеевди, «Ата Мекенден» Жанар Акаевди, Алмамбет Шыкмаматовду, «Мекенчилден» Камчыбек Ташиевди, «Республикадан» Руслан Казакбаевди, «Бүтүн Кыргызстандан» Адахан Мадумаровду, экс-дептуттар Өмүрбек Текебаевди, Садыр Жапаровду, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди, саясатчылар Өмүрбек Бабановду, Темир Сариевди биригүүгө чакырды.

«Урматтуу саясатчылар, эми кайра силер спикердин ордун талашып, ар кимиңер өзүнчө топ түзүп, ар кимиңер өз кандидатыңардын бири келечек президенти болушу үчүн жүзү каралык менен баратасыңар. Бир топ болуп жеңишке жетсеңер, ошол топ келечекте ким президент болоорун чечип алсаңар болбойбу? Бир жолу өз амбицияңар үчүн эмес, Кыргызстандын амбициясы үчүн иштеп койсоңор болобойбу? Жетиштүү болгон жокпу биздин буга чейин алган ачуу сабактар?» — деп суроо салган коомдук ишмер.

Шер-Нияз партияларга эки жаат болуп бөлүнбөй, биригүүгө чакырды.

«2-3 киши барып эле бирөөнү министр, бирөөнү УКМКнын төрагасы, бирөөнү генпрокурор кылып шайлап коюп жатасыңар. Калган партиялардын эмгегин унутуп коюп жатасыңарбы? Башка партиялардан сурап жатасыңарбы? Таптакыр эле спикерлик талаш болсо, анда баарыңар чогулуп ак-караны чечип алгыла. Эгер силер эки жаат болсоңор, анда силер нак өзүнүн керт башын ойлогон, Кыргызстандын келечегин уруп ойнобогон, амбицияңар аттын башындай, бирок чыныгы майда адамсыңар. Бириккиле!» — деген Шер-Нияз.

Баягы эле ит кейпибиз... Текбаевге, Атамбаевге, Мадумаровго, Бабановго, Ташиевге, Шыкмаматовго, Акаевге, Казакбаевге...

Posted by Sadyk Sher-Niyaz on Tuesday, October 6, 2020

Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу митингги

5-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган партиялардын мүчөлөрү жана тарапташтары мөөнөтсүз митинг башташкан.

6-октябрга караган түнү, таң атаарда демонстранттар Ак үйдү басып алышкан.

Андан кийин УКМКнын имараты да митингчилер тарабынан колго алынып, мекеменин тергөө абагынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тарапташтары бошотушту.

Андан кийин саясатчы Садыр Жапаров, экс-премьер Сапар Исаков, депутат Равшанбек Жээнбеков жана башка саясатчылар абактан эркиндикке чыкты.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбоо боюнча митингдер Ош шаарында жана өлкөнүн башка аймактарында да орун алган. Ал арада өкмөттүн Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Ош облусундагы өкүлдөрү кызматтарын тапшырышты. Ошондой эле өлкөнүн айрым райондорунун акимдери да кызматтарын тапшырышкан.

Кийинчерек Бишкектеги «Достук» мейманканасында Жогорку Кеңештин 60ка жакын депутаттары чукул жыйынга чогулуп, Садыр Жапаровду премьер-министрликке көрсөтүшкөн. Мындан сырткары парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабеков арыз жазып, анын ордуна Мыктыбек Абдылдаев шайланган.

Бирок айрым депутаттар жана саясий эксперттер аталган дайындоолор легитимсиз болгонун айтышууда. Ушундай позицияны карманган партиялар жана жарандык коом 7-октябрда Ала-Тоо аянтынын алдында митинг өткөрүп жатышат.