«ИИМдин башчылыгына элдин каалоосу менен келдим». Курсан Асанов жыйын өткөрдү

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкери Курсан Асанов 7-октябрда Бишкек шаарындагы эски аянтта жыйын өткөрдү. Ага министрдин орун басарлары, ИИМдин борбордук аппаратынын кызматтарынын, Бишкек жана Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын курамы катышты.

ИИМдин басма сөз кызматы Асановду министрдин милдетин убактылуу аткаруучусу деп маалымат таратты. Ал эми Асанов өзү «Азаттык» басылмасына министрлик кызматка «элдин каалоосу» менен келгенин айткан.

Ошондой эле, Асанов Бишкекте жана башка аймактарда коомдук коопсуздукту сактоого бардык күч-аракеттер жумшалаарын билдирген.

«Анча-мынча талкалоо катталды. Бирок талоончулукка жол берилген жок. Милиция кызматкерлери элдик кошуундун мүчөлөрүнө кошулуп, коопсуздукка көз салып иштеп жатышат», — деп айткан Асанов.

Мындан сырктары Асанов ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин кайда экенин билбей турганын кошумчалган. Анын айтымында, бардык аймактардагы ички иштер башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн жетекчилери алмашпайт.

Анткен менен 6-октябрда Талас ОИИБинин жетекчиси жана төрт РИИБдин жетекчилери кызматтарын тапшыргандыгы белгилүү болгон.

Мындан эки күн мурун Бишкектин Ала-Тоо аянтында шайлоодон өтпөй калган партиялардын мүчөлөрү жана тарапташтары шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып митингге чыгышкан. Кийинчерек демонстранттар Ак үйдү жана УКМКнын имаратын басып алышкан. Андан соң абакта жаткан саясатчылар — Алмазбек Атамбаев, Садыр Жапаров, Сапар Исаков жана башкалар бошотулган.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбоо боюнча митингдер Ош шаарында жана өлкөнүн башка аймактарында да орун алган. Ал арада өкмөттүн Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй жана Ош облусундагы өкүлдөрү кызматтарын тапшырышты. Ошондой эле өлкөнүн айрым райондорунун акимдери да кызматтан кетүү тууралуу арыз жазышкан.

Алардын ордуна ар партиялардын талапкерлери келип, убактылуу милдетин аткаруучу болуп легитимсиз кызматка отуруп алышкандыгы белгилүү болду. Алмамбет Шыкмаматов генпрокурордун убактылуу милдетин аткаруучу болуп дайындалганы тууралуу «24 kg» басылмасына билдирип, кийинчерек бул маалыматты Шыкмаматов өзү төгүндөгөн.

6-октябрда «Достук» мейманканасында Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жыйынга чогулушкан. Анда спикер катары Мыктыбек Абдылдаев дайындалып, премьерликке Садыр Жапаров жактырылган. Жыйынга катышкандар көпчүлүк депутаттар келгенин, кворум сакталган деп ишендирип жатышат. Бирок протоколдор коомчулукка ачыктала элек.