Өкмөт үйүнүн алдында Жапаров менен Токтогазиевдин тарапташтары жакалаша кетишти

Өкмөт үйүнүн алдына чогулган митингчилер

7-октябрда Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында люстрацияны талап кылып чогулган жаштар парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясы менен барган жаш активист Тилек Токтогазиевди убактылуу өкмөттүн башчылыгына сунуштап, колдошту.

Митингчилер өкмөт үйүн көздөй келип, Токтогазиевди имаратка киргизүүгө аракет кылышты. Бирок имараттын алдын Садыр Жапаровдун тарапташтары тосуп, эшикти жаап алгандыктан алгач кире алышкан жок. Өкмөт үйүнүн алдынан Жапаров менен Токтогазиевдин тарапташтары кайым айтышып, жулмалаша да кетишти. Аларды чогулгандар арачалап калды.

Акыр аягы сүйлөшүү жүргүзүп жатып Токтогазиев араңдан зорго кирди. Учурда өкмөт үйүнүн ичинде сүйлөшүүлөр болору кабарланууда. Ошондой эле, жыйындар боло турчу залга ЖМК өкүлдөрү дагы киргизилди.

Токтогазиев имаратка киргенге чейин журналисттерге маек берип, жаштар аны премьерликке көрсөтүп жатканын айтып, алардын чечимин сыйлап, үмүтүн актаганга акыр аягына чейин аракет кыларын белгиледи.

«Эски кишилердин бардыгын сүрүп чыгабыз, люстрация кылабыз. Анткени дал ушул эскилер саясий экономикалык кризиске алып келди. Андан сырткары Жээнбековдон ордун бошотууну талап кылабыз. Убактылуу өкмөт түзүп декреттер менен иштеп иш алып барабыз», — деди ал.

Буга чейин 6-октябрда абактан чыгарылган Садыр Жапаров аны Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында аны премьер-министрликке көрсөтүшкөнүн айтып, кечинде 5-каналдан элге кайрылуу жасаган.

7-октябрда «Ала-Тоо» аянтындагы жаштардын митингине чогулгандар Садыр Жапаровду тааныбай турганын айтышты. Мындай оюнча Тилек Токтогазиев дагы билдирген.

Бирок «Ата Мекен» партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан Элвира Сурабалдиева Тилек Токтогазиев премьер-министрликке эмес, ошол кызмат орунга талапкер катары гана парламентке көрсөтүлүп жатканын журналисттерге билдирди.