Кара-Суу: Жүздөй киши базар алдына митингге чыкты

Кара-Суу шаарында жүздөй тургун калаадагы «Оомат» базарынын алдына митингге чогулду. Алар мыйзамдуулукту талап кылып, жергиликтүү бийликтерди басып алууларга каршы экенин билдиришти.

#Жеринен Кара-Сууда жаштар мыйзамдуулукту талап кылып, тынчтык митинггине чыгышты

#Жеринен Кара-Сууда жаштар мыйзамдуулукту талап кылып, тынчтык митинггине чыгышты

Posted by T-Media on Wednesday, October 7, 2020

Митингчилерди баштап бараткандардын бири, учурда алар Сарай айыл өкмөтүнө өз позицияларын билдирүү үчүн кетип жатышканын айткан.

«Ар кандай спортсмендер карапайым элдин үстүнөн провокация кылып, ар жакка буруп жатат. Ким кандай шайланган болсо, ким өкмөт башчы болсо ошону гана угабыз. Мисалы Садыр Жапаровду депутаттар шайладыбы, биз ошону гана угабыз», — деген ал.

Ал аталган айыл өкмөттө «эртең менен келип бирөө, түштөн кийин башка бирөө бийликти ээлеп алууну» милиция менен биргеликте токтотуу керектигин билдирген. Анын айтымында айыл өкмөттүн кызматкерлери аларга тынчтык орнотуп берүүнү суранып кайрылышкан.

«Бардык жерде мыйзамдуулук орнош керек. Биз айыл өкмөттөгү “ээлеп алуулар” боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатабыз», — деп түшүндүргөн ал.

Маек курган кишинин ким экени белгисиз, бирок аны мамлекеттик кызматкерлердин бири деп божомолдоого болот. Ал чогулгандарды баштап барып, айыл өкмөт башчысынын орун басары, убактылуу айыл өкмөттүн милдетин аткаруучу Кушбак Абдрахмановго жолугуп, анын мыйзамдуулукту көзөмөлдөөсүн суранган.

«Кечээтен бери айыл өкмөттөгү мекеме, ишканаларда коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатат. Келип алып “ордуңду бошот, болбосо айрыйм”, дегендер, “мен спортсменмин давай бүгүн саат бешке чейин бошотуп койгула” дегендер болуп жатат. Келиңиз басып алууларды токтотолу», — деген ал.

Ал эми Абдрахманов учурда айыл өкмөттө абал тынч жана басып алуулар жок деп ишендирген.

«Буга чейин басып алуулар болду, бирөөлөр келип кабинеттерге кирген, аларды мыйзам чегинде жолго салып койдук. Учурда айыл өкмөттү мен башкарып жатам. Учурда “ордуңду бошот” деп келгендер жок», — деген ал.

Кийинчерээк чогулгандар тарап кетишкен.

Жаңы аким, мыйзамдуулук жана Матраимовдун кармалышы

Өлкөдө 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор аны жокко чыгарууну талап кылып митингге чыккан. Чогулгандар 6-октябрдын түнү Ак үйдү жана бир катар мамлекеттик мекемелерди басып алышкан.

Кийинчерээк өлкөнүн жер-жерлеринде митингдер башталып, жергиликтүү бийликтерди «басып алуу» башталган — 6-октябрда белгисиз кишилер Кара-Суу райондук администрациясына кирип барышып, аким Тилек Матраимовдун ордуна башка бирөөнү отургузушкан.

«Жаңы аким» буга чейин Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинде беш жыл депутат болгон, учурда жеке ишкерлик менен алектенип жүргөн 33 жаштагы Руслан Маматов экени белгилүү болду. Ал ЖМКларга берген маегинде Матраимовдордон кутулганына сүйүнүп жатышканын белгилеген.

Кийинчерээк 7-октябрда ЖМКларда райондун акими Тилек Матраимов жакындары менен чогуу кыргыз-өзбек чек арасынан кармалганы тууралуу маалымат тараган. Муну УКМК дагы тастыктап, аны Кыргызстанга өткөрүп берүү үчүн иштер жүрүп жатканы айтылган.

Бул маалымат коомчулукта талкууга алынып, көпчүлүгү анын кармалышын «фейк» деп чыгышканю УКМК 8-октябрда кайрадан билдирүү жасап, «ал чындап эле кармалды» деп ишендирди.