Бишкекте уюшкан кылмыштуулукка каршы марш өтөт

Жарандык активисттер 9-октябрь күнү Бишкекте уюшкан кылмыштуулукка каршы жүрүш өткөрүшөт. Ал саат 14:00дө Эркиндик бульварынын башындагы Бишкектин темир жол бекетинин алдындагы аянтта өтөт.

Жүрүштүн «Баштан Башта» саясий кыймылындагы уюштуруучулары аны ушул аптада өлкөдөгү криминалдык топтор жараткан «туруксуздаштыруу менен башаламандыкка» жооп катары өткөрүшүүдө.

«Азыркы учурда уюшкан кылмыштуу топтор ар кандай иштерди жасап жатат. Криминал азыр өлкөнү коркунучта кармап турат! — деп айтылат кыймылдын активисти Улан Үсөйүндүн кайрылуусунда. — Уюшкан кылмыштуу топтордун айынан журналисттер, активисттер иш алып бара албай, депутаттар чогула албай жатышат. Андан тышкары бизнемендердин бизнесин басып алып, чет элдик инвесторлорго тоскоолдук жаратышууда!»

Жүрүш уюшкан кылмыштуу топтор Кыргызстан дүйшөмбүдөн бери чыга албай жаткан саясий кризистин учурунда парламенттин депутаттарына басым көрсөтүшүүдө деп айтылган маалыматтардын шартында өтөт.

Кризис 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун натыйжасынан улам болгон. Эртеси күнү Бишкекте оппозициялык партиялар менен жарандык активисттердин миңдеген адам чогулган нааразылык акциясы өткөн. Алар шайлоонун жүрүшүндөгү көптөгөн бузууларга нааразылык көрсөтүп чыгышкан.

Митинг милиция менен кагылышка, андан соң өлкө президенти да иштеген Жогорку Кеңештин имаратын басып алууга чейин өтүп кеткен.

Андан кийинки бир нече күндүн ичинде өлкөнү бир нече топтор башкарууга аракет кылып, ал эми парламент депутаттары президент Сооронбай Жээнбековго карата импичмент жарыялоо маселесин чечип, өкмөттүн жаңы курамын түзүү үчүн жыйынга чогула албай жатышат.

«Жогорку Кеңештин депутаттары деморализация болду, анткени аларды коркутушууда, — деп билдирген депутат Элвира Сурабалдиева бешемби күнү “Клоопко” курган маегинде. — Аларды болгондо да криминалды колдонуу менен коркутуп жатышат, алар кысымда болууда».