Ош шаардык кеңеши мэрдин маселесин кайра кароо үчүн чогулган жок

Ош шаардык кеңешинин депутаттары 9-октябрда жыйынга чогулушкан жок. Эл өкүлдөрү мэр Таалайбек Сарыбашовдун маселесин карай турганы айтылган.

«Нур ТВ» телеканалы жүргүзгөн түз эфирде, жыйынга 10го жетпеген депутат келип, өз иштери менен алек болуп отургандарын көрүүгө болот. Алардын көпчүлүгү журналист менен маектешүүдөн баш тартып, ал эми айрымдары жыйында эмне маселе каралаарынан кабары жоктугун айтышкан.

«Сессия болот деп чакырышкан. Кайсы маселелер каралышын азыр биле элекпиз. Депутаттар чогула элек, төрага жана орун басарларды да көрө элекпиз. Учурда күтүп жатабыз», — деген депуаттардын бири.

Шаардык кеңештин басма сөз кызматынан «Клоопко» депутаттар топтолбой жатканына байланыштуу жыйын саат кечки бешке жылдырылганын билдиришти.

Сарыбашов 7-октябрда эл алдында сүйлөп жатып депутаттардын чечимин мыйзамсыз деп атаган.

«Алар отчетумду алып, канааттандырарлык деген бааны беришкен. Экинчиден сессиянын чакырылышы боюнча төрага мени кабардар кылган жок. Жашыруун түрдө өткөрүшкөн сессияны. Экинчиден мен угуп жатам ал жерде мыйзам бузуулар болгон бир гана "макул" деген белгини киргизип туруп депутаттарды мажбурлашкан», — деген Сарыбашов.

Ош шаарында 6-октябрда шайлоонун жыйынтыгын тааныбоо боюнча митинг өтүп, кырдаал курчуй баштаганда жергиликтүү кеңештин 31 депутаты Таалайбек Сарыбашовго ишенбөөчүлүк көрсөтүп, кызматтан алууну сунуштаган.

Ал учурда шаардык кеңештин төрагасы, «Мекеним Кыргызстандын» талапкери Жапар Ормонов эл алдына чыккан. Ормонов трибунада сүйлөй баштаганда бийликке нараазы топ аны сабап салган.

Көп өтпөй Сарыбашовдун иш бөлсөсүнө «Бир Бол» партиясынын депутаты Дүйшөн Төрөкулов кирип барып өзүн Оштун мэри катары жарыялаган.

Эртеси күнү, 7-октябрда, Сарыбашовду колдоо митинги өтүп, анда Төрөкулов калаа башчы болбой турганын билдирген. Анын айтымында, ал Сарыбашовго «үчүнчү күчтөр» тарабынан чагым болуп, жаңжал чыгып кетпеши үчүн өзүн мэр деп атаган. Кийинчерээк Сарыбашов өз кызматына кайткан.

Анын себебин Садыр Жапаровдун журналисттерге курган маегинде, жергиликтүү бийликтин жетекчилери «өз иш ордуна кайтсын» деген билдирүүсү менен байланыштырган.