«Эркекче сөз». Ошто Сарыбашовду мэр, Төрөкуловду облус башчысы кылуу аракети көрүлүүдө

Ош шаарынын борбордук аянтында кызматын тапшырган Таалайбек Сарыбашовдун тарапташтары митинг өткөрүүдө.

Posted by Kloop кыргызча on Wednesday, October 7, 2020

Материал 19.08де жаңыртылды

Ош шаарынын борбордук аянтында 7-октябрда буга чейин кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы айтылган мэр Таалайбек Сарыбашовдун тарапташтары митинг өткөрүштү. Ал жерге жүздөгөн Ош шаарынын жана Алай районунун тургундары чогулду. Алай — Сарыбашовдун кичи мекени.

Митингде сөз сүйлөгөндөрдүн бири мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров калаага жаңы дайындала турган мэр менен иштебей турганын билдирди.

«Биз мыйзамдуулукту сактайбыз. Мен ачык айтайын, буга чейин Таалайбек Насырбекович губернатор болгондо сындап келгенмин, сындагандардын башында мен болгонмун. Бирок адам менен иштешсең, адам менен сапарга чыксаң билесиң. Бул киши эл, жер үчүн күйүп жатканын мен билемин. Мен эки жылдан бери жанында жүрөмүн. [...] Бул кишини мэрликтен кийин дагы башка кызматтарда иштетиш керек. Кул дагы кылып иштеткиле, иштеп берет эл үчүн! Бул мэр иштегени келген. Эч качан коркпоңуздар. Мен айтып коёюн, эртең мени суракка да чакырышы мүмкүн, бирок мен коркпоймун, уялбаймын дагы», — деди Абсаттаров.

Кийинчерээк митингчилерге Таалайбек Сарыбашов өзү дагы чыгып, эки жыл мурун калааны «мыйзамсыз басып албаганын» айтты.

«Менин оюм бир эле: элге таза, адилеттүү, калыс иштеп бериш! Шаарды өнүктүрүш, башка менде максат жок! Мен эл мененмин дайыма. Бардыгы мыйзам таласында чечилиши керек. Бул күндөр дагы өтөт. Кече дагы сүйлөдүм, биз баарыбыз бир элдин, бир журттун адамдарыбыз. Биз эч качан “кресло талашпайбыз”», — деди Сарыбашев.

Кийинчерээк Сарыбашов тарапташтары менен мэрияга кирди. Бир канча мүнөттөн кийин мэриядан «Бир Бол» партиясынын депутаты Дүйшөн Төрөкулов чыгып, борбордук аянтта митингчилерге кайрылды.

Төрөкулов Сарыбашов экөөнүн ортосунда пикир-келишпестик жок экенин билдирди. Ошондой эле ал чогулгандарга кайрылып, мэрдин кызматын эч ким талашпай жатат деп ишендирди.

Ош шаардык кеңешинин депутаттары Таалайбек Сарыбашовду 6-октябрда кызматынан алууну сунушташкан. Көп өтпөй анын иш бөлсөмүнө «Бир Бол» партиясынын депутаты Дүйшөн Төрөкулов кирип барып өзүн мэр деп жарыялаган.

Азамат Абсаттаров «Клоопко» Сарыбашов расмий түрдө арыз жазбаганын жана кызматтан алынбаганын билдирди. Анын айтымында мэр «оор кырдаалга» байланыштуу мэриянын имаратын бошотууга аргасыз болгон. Басма сөз катчы Сарыбашовдун отставкасын премьер-министрликке сунушталган Садыр Жапаров да, учурдагы өкмөт да кабыл албаган деп түшүндүрдү.

Кийинчерээк, 7-июнга караган түнү, Ошко калаанын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов келип, Төрөкулов жана Сарыбашов менен сүйлөшө турганын айткан.

Төрөкуловдун айтымында, ал Сарыбашовго «үчүнчү күчтөр» тарабынан чагым болуп, жаңжал чыгып кетпеши үчүн өзүн мэр деп жарыялаган.

«Таалай акага келип мен туура түшүндүрдүм, Таалай ака акырында сөздү туура түшүнгөн. Анан айткан: “Дүйшөн, кан төгүлүп кетпесин. Сен айтып жаткандай чындап бул жакты басып алабыз деген күчтөр болсо, провокациялар уюшуп жаткан болсо, мен сени туура түшүндүм. Мен бул жерди бошотуп кетемин, бирок каайра мыйзамдуулук ордуна түшүп, мен мыйзамдуу мэр боло турган босом кайтып келемин” деген. Мен айтканмын: “Сиз мыйзамдуу мэр болсоңуз сөзсүз ордуңузга кайтып келесиз, эркекче сөз” деп ошол жерде тргандардын баары менен кол беришкенбиз», — деп түшүндүрдү Төрөкулов.

Кийинчерээк Сарыбашов менен Төрөкулов Ош шаардык мэриясынын имаратына кирип кетишти. Алардын тарапташтары Төрөкуловду өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кылып алып келүүнү көздөп жатышат. Төрөкулов өзү «мен өзүм кызматка барбайм, эл алып барса барам» деди.