Ала-Тоо аянтында ок аткан адам изделүүдө

Бишкек ШИИБи 9-октябрда Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан тынчтык митинги учурунда ок аткан адамга издөө жарыялады. Бул окуя уюшкан кылмыштуу топко каршы чыккан митингчилер аянтта гимн ырдап жатканда белгисиз адамдар кол салышкандан кийин болгон. Ал адамдар премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаровдун тарапташтары болушу мүмкүн. Аянтта өтүп жаткан митингге кол салгандар Жапаровдун атын кыйкырып жүрүшкөн. Анткен менен Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов кол салган адамдар — Жапаровдун тарапташтары эмес, алар чагымчылдар деп ишендирүүдө.

Кантсе дагы кол салган адамдар курал колдонуп, гимн ырдап жаткан митингчилерге таш жана бөтөлкөлөрдү ыргытып, андан адамдар жабыркаган. Саламаттык сактоо министрлиги Ала-Тоо аянтындагы кагылышууда беш адам жабыркаганын маалымдады.

Алардын баары Улуттук госпиталга жаткырылган.

«Үч адам нейротравматология бөлүмүнө жаткарылды. Алардын абалы орточо оор деп бааланууда. Тилек Токтогазиев башынан жараат алды. Стационарга түшкөндөрдүн арасында октон жарадар болгондор жок», — деп билдиришти Саламаттык сактоо министрлигинен.

Аянтта ок аткан адам «Массалык башаламандык» беренеси боюнча козголгон иш боюнча изделүүдө. Анын тапанчадан ок атып жаткан учуру видеого түшүп калган — ал саясатчылардын бирине таандык автоунаа жүрүп баратканда ок аткан. Бирок видеодо ал адамдын жүзү так көрүнбөйт.

Ала-Тоо аянтында кимге кол салуу болду?

«Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиев жаракат алды. Алдын ала маалыматтар боюнча анын башына таш тийген. Азыр абалы туруктуу.

Ошондой эле, экс-премьер-министр Темир Сариевдин жан сакчысын сабап кетишти. Ал башынан жаракат алып, учурда абалы туруктуу. Социалдык тармактарга Сариевдин жан сакчысы делген адамдын жерде бети-башы кан болуп жаткан видеосу дагы тарады.

Депутат Элвира Сурабалдиева митингчилердин кагылышуусунан кийин кетип баратканда аны Садыр Жапаровдун тарапташы чаап калганга үлгүрдү.

Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы премьер Сапар Исаковдун машиналарын белгисиз бирөөлөр атканы кабарланды. Ошондой эле Өмүрбек Бабановдун машинасына дагы ок тийгени маалымдалды. Атамбаев бул кол салуу алдын ала уюштурулганын жана бул боюнча анда мурдатан маалымат болгонун айтты.