Бишкекте 21:00дөн 05:00гө чейин коменданттык саат киргизилет

Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев борбор калаада 10-октябрдан тарта саат 21:00дөн 05:00гө чейин коменданттык саат киргизүү тууралуу буйрукка кол койду.

Коменданттык саат Бишкекте бардык тургундар жана шаарга келгендер үчүн иштейт. Бул убакыт аралыгында шаар ичинде Бишкек комендатурасында иштеген же анын ишмердигине жардам берген муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлер гана жүрө алат.

Бишкекте 5-октябрда массалык башаламандыктар башталып, анын натыйжасында соттолгон саясатчылар абактан чыгарылган. Алардын арасында премьер-министрликке талапкерлигин койгон Садыр Жапаров да бар.

9-октябрда Жапаровдун тарапташтары делген адамдар аянттагы криминалга каршы митингдин катышуучуларына жана оппозициялык митингчилерге таш жана бөтөлкөлөрдү ыргытышкан. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана мурдагы өкмөт башчылар — Өмүрбек Бабанов менен Сапар Исаков аларга ок атуу болгонун айтышууда.

Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосуновдун айтымында, саясатчынын тарапташтары Ала-Тоо аянтындагы кагылышууга жана кол салууга тиешеси жок жана бул жөн гана чагым.