Кыргызстанда бир суткада коронавирустан 5 киши каза болду

10-октябрга карата бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан Бишкек шаарында эки, Ош облусунда үч киши каза болду.

Ошентип коронавирус жана пневмониядан каза болгондордун жалпы саны 1082ге жетти. Ошол эле маалда бир суткада 130 бейтап айыкты.

Аймактар боюнча алып караганда абал төмөнкүдөй:

Ош облусу – 31;

Жалал-Абад облусу – 28;

Бишкек – 16;

Нарын облусу – 14;

Ош шаары – 13;

Чүй облусу – 12;

Баткен облусу – 10;

Ысык-Көл облусу – 5;

Талас облусу – 1.

Ал эми жалпысынан илдеттен 44 227 бейтап сакайып чыкты.

Анткен менен Республикалык штаб бир кутада коронавирустун 307 жаңы учуру катталганын кабарлады. Алардын эң көбү Баткен облусунда катталган — 71 учур.

Андан кийинки орунда Ош — облусу 69, Жалал-Абад — 59, Бишкек — 53, Ош шаары — 17, Чүй облусу — 16, Ысык-Көл облусу — 12, Талас облусу — 7 жана Нарында — 3.

Ошондой эле, бир сутада өлкө боюнча 14 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3393 учур катталды, алардын ичинен 3081 медкызматкер айыгып чыкты.