Өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 49 230га жетти — жаңы 306 учур катталды

Республикалык штабдан 11-октябрга карата коронавирустун жаңы 306 учуру катталганын кабарлашты.

Аймактар боюнча:

Жалал-Абад облусунда – 63;

Ош шаарында — 54;

Ош облусунда — 54;

Бишкек шаарында — 53;

Баткен облусунда - 41;

Чүй облусунда – 20;

Ысык-Көл облусунда – 12;

Нарын облусунда - 9;

Талас облусунда — 2.

Мындан сырткары өткөн суткада илдеттен 168 бейтап айыгып, үч бейтап каза болду.

Коронавирустан айыккандардын эң көбү Жалал-Абад облусунда катталды — 44. Ошондой эле Ош облусунда — 35, Бишкек шаарында жана Баткен облусунда 24төн, Ош шаарында — 13, Чүй облусунда он, Талас облусунда жети, Ысык-Көл облусунда алты жана Нарын облусунда беш жана бейтап сакайып, ооруканалардан чыгарылды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 49 230га жетти — алардын ичинен 44 395 бейтап оорудан айыкты. Коронавирус 1 085 кишинин өмүрүн алды — алардын ичинде 83 медкызматкер бар.

Бүгүнкү күндө коронавирустан 1 679 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Ошондой эле 1 616 киши үй шартында дарыланууда.

Коронавирус инфекциясы медкызматкерлердин арасында да катталды — өткөн суткада өлкөдө 22 медик илдетке чалдыкканы белгилүү болду. Алардын сегизи Ош облусунда, алтысы Ош шаарында, Баткен жана Жалал-Абад облустарында төрттөн.

Ошондой эле төрт медкызматкер илдеттен айыкты. Жалпысынан COVID-19ду 3 415 медик жуктуруп, алардын 3 085и оорудан сакайган.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.