Касымалиева: Мусабекова Жапаровго ким каршы добуш берсе аныктап, жок кылышат деп айтты

Иллюстративдик сүрөт

Вице-спикер Аида Касымалиева «Кактус медиа» басылмасына Садыр Жапаровдун талапкерлигин бекитүүдө «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкерлери тарабынан депутаттарга коркутуулар болгонун ашкереледи.

Касымалиева бир күн мурда аны аталган партиядан талапкер болгон, депутат Урмат Самаев коркутканын билдирген. Анын айтымында, Самаев жыйындан кетип калгысы келген депутаттарды «желкесинен сүйрөп» жыйындар залына киргизген.

«Самаевден айрыкча эркек депутаттар коркушту, бирок мен коркпойм. Резиденцияда бир нече депутаттар келип Жапаровго каршы экендигин айтышты, бирок Мусабекова аларга Жапаровго ким каршы добуш берсе “аныктап, жок кылышат” деп айтты», — деген Касымалиева.

Касымалиева депутат Жылдыз Мусабекова тууралуу сөз кылган. Мусабекова «Мекеним Кыргызстан» партиясынан парламенттик шайлоого катышкан.

Мусабекова үч жыл мурда «Алиби» гезитинин журналисти Үпөл Анаркулованы «бетиңди түздөп, туз сээп кетем. Сеничи ээ, териңди тескери сыйрып, 10 эркекке салып берем» деп коркутканы менен коомчулуктун эсинде калган.

Журналист менен депутаттын ортосунда чырга Анаркулованын «Алиби» гезитиндеги макаласы себеп болгон. Кийинчерек Мусабекова өзү мындай сүйлөшүү болгонун айтып, бирок аудио «монтаждалган» деген пикирин билдирген.

Самаев менен Мусабекова эмне дейт?

Анткен менен Урмат Самаев «АКИ Пресс» басылмасына Касымалиеваны коркутпагандыгын билдирген. Анын айтымында, Самаев Касымалиева менен сүйлөшкөн эмес жана муну видеокамералардан тастыктаса болот.

«Мен аны коркутканым тууралуу далил болушу керек. Мен ал сыяктуу эле депутатмын. Жада калса анын макамы жогорураак. Ар бир депутат кандай добуш бере турганын өзү чечет», — деген Самаев.

Ал эми депутат Мусабекова өзүнүн фейсбук баракчасына Касымалиева тараткан маалыматты «жалган жалаа» деп атады.

«...Мени тим эле УКТ кылып салыпсың. Эми жалган жалааң үчүн мен сени менен сүйлөшөм. Таарынып, ыйлактабайсың. Жетишет сендей куйту, эл бузарлар!» — деп жазган Мусабекова.

«Искендер Матраимов 10 жолу чалды»

Вице-спикер ага жыйын башталганга чейин депутат Искендер Матраимов «он жолу» чалганын, бирок ага жооп бербегенин белгиледи. Мындан тышкары депутат Гүлкан Молдобекова да чалганын айтты.

«Учурда спикер жок болгондуктан, мага биринчи вице-спикер катары жыйынды алып баруу милдети жүктөлгөн. Жыйын башталганга чейин мага чалуулар көп болуп жатты. Алар мага Жапаровду колдошумуду айткысы келген», — дейт Касымалиева.

Вице-спикер Касымалиева парламенттик жыйынды кайра өткөрүп, жаңы премьер-министрди шайлоо керектигин белгиледи. Анын айтымында, Жапаров кызматка легитимсиз шайланган. Ошондой эле, ал президентти Жапаровдун дайындалганы тууралуу буйрукка кол койбой турууга чакырды. Анткени ал документтин юридикалык күчү болбогонун белгилеп, негизги ролду парламент аткарарын айткан.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы жана Садыр Жапаров

Шайлоого катышкан бир нече партиялардын лидерлери жана талапкерлери саясатчы Садыр Жапаровдун артында «Матраимовдор менен Жээнбековдун кланы турат» деп билдирүү таратышкан. Алардын арасында депутат Жанар Акаев, «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова да бар.

Мисалы парламенттин 35 депутаты жана 26сы ишеним кат менен өкмөттү дайындаганда, президенттин агасы Асылбек Жээнбеков жана депутат Искендер Матраимов Жапаровдун талапкерлигин колдогонун ишеним каттарында көрсөтүшкөн.

Бирок Жапаров муну четке кагып, «Райым миллион камалат» деп элди ишендирген.

Райымбек Матраимов — бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары, журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты. Парламенттик шайлоого анын үй-бүлөсү менен байланышы бар «Мекеним Кыргызстан» партиясы да катышкан.

Ошондой эле Жапаровдун эң жакын санаалашы делген экс-депутат Камчыбек Ташиев Kloop «Азаттык» жана OCCRP менен биргеликте бажы кызматындагы коррупцияны иликтеп, бул махинацияларга ведомствонун мурдагы башчысы Райымбек Матраимовдун тиешеси бардыгы тууралуу иликтөө жарыяланганда — Камчыбек Ташиев Матраимовдордун үй-бүлөсүн коргоп, ал тургай, Райымбек «жөнөкөй, ийкемдүү жакшы жигит» деп билдирүү жасаган.