Коронавирус дагы 298 кишиден аныкталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 12-октябрда коронавирустун жаңы 298 учуру катталганын маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Баткен облусу — 86;

Ош облусу — 51;

Жалал-Абад облусу — 40;

Чүй облусу — 13;

Бишкек — 59;

Ош шаары — 33;

Талас облусу — 3;

Ысык-Көл — 13.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 49 528ге жетти. 

Ошондой эле, акыркы суткада 127 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Ош облусунда катталды — 23, Жалал-Абад облусунан — 20, Бишкек шаарынан— 20, Ош шаарынан — 16, Баткен облусунан — 41, Чүй облусунан — 7 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 44 522 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 1737 бейтап, ал эми үй шартында 1725 киши дарыланып жатат. Инфекция жалпы 1 090 адамдын өмүрүн алды.

Акыркы суткада 22 медкызматкерден коронавирус аныкталды. Ош шаарынан, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан — үчтөн, Бишкек шаарынан жана Ысык-Көл облуснан — экиден, Ош облусунан — сегиз, Чүй облусунан — бир медик COVID-19га чалдыккан. Ал эми бир суткада бир медик айыкты жана үй шартында үч медкызматкер сакайды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 437ге жетти, анын ичинен 3 089 медкызматкер илдеттен айыкты.