Президент кайрадан ӨА режимин киргизди, буга чейинкиси кароого алынган эмес

Президенттин басма сөз кызматы Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын аймагына кайрадан өзгөчө абал (ӨА) режимин киргизгенин билдирди.

Басма сөз кызматтан түшүндүрүшкөндөй, президент анын ӨА режими тууралуу буга чейинки жарлыгын парламент үч күндүн ичинде кароого албай койгондуктан ушундай чечим кабыл алган. Мыйзамга ылайык, депутаттар жарлыкты үч күн ичинде жактырышы керек, эгер андай болбосо документ күчкө ээ болбойт.

Жээнбековдун жарлыгында өзгөчө абал «жарандардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, алардын коопсуздугун камсыз кылуу жана коомдук-саясий абалды тез арада калыбына келтирүү максатында гана» киргизилди деп жазылган.

Президенттин жарлыгына ылайык, өзгөчө абал Бишкекте 12-октябрда саат 20:00дөн тартып, 19-октябрь саат 07:00гө чейин уланат.

Бишкектин коменданты болуп кайрадан ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев дайындалды.

Өзгөчө абал учурунда адамдарга топ-топ болуп жүрүүгө жана жарандарга башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Ошону менен катар, борбор калаада жашабагандарды шаардан сыртка чыгарып, уюлдук байланышка чектөө коюлушу мүмкүн.

Президент буга чейин Бишкектин аймагында 9-октябрдан 21-октябрга чейин өзгөчө абал режимин киргизген болчу. Парламенттин депутаттары 10-октябрда «Ала-Арча» резиденциясында жыйынга чогулушкан, бирок алар бул жарлыкты карашкан эмес.

9-октябрда Садыр Жапаровдун тарапташтары Ала-Тоо аянтындагы оппозициянын митингине кол салышкандан кийин президент өзгөчө абал режимин киргизүүнү чечкен. Ала-Тоо аянтындагы митингчилер өкмөт башчысынын кызматына Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин колдоп чыгышкан, ал эми аларга кол салгандар Жапаровдун талапкерлигин колдошкон.

Буга чейин, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы бир нече миң адамдын катышуусунда митинг өткөн. Жыйынтыгында митингчилер менен күч органдарынын ортосунда кагылышуу болуп, Жогорку Кеңештин имараты басылып алынган. 6- октябрга караган түнү митингчилер мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду, экс-депутат Садыр Жапаровду жана башка бир катар аткаминерлер менен саясатчыларды абактан бошотушкан.

Жыйынтыгында парламентерийлер премьер-министрдин милдетин аткаруучу кызматына Садыр Жапаровду бекитишкен. Бирок, юристтер муну легитимсиз деп эсептешет, анткени депутаттар Конституцияны жана башка бир катар мыйзамдарды бузушкан деп билдиришти.